Университет бүгүн... » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Университет бүгүн...
8 сентябрь 2022
855

Университет бүгүн...

А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети (Ош МПУ)

 

Ректор: педагогика илимдеринин доктору, профессор Зулуев Бекмурза Бекболотович

 

Ош МПУ – ДҮЙШӨНДӨР УЧКАН АЛТЫН УЯ!

 

БИЗДИН ТАРЫХ

Кыргызстандын билим берүү тармагынын өнүгүүсүнө өзгөчө салым кошуп, заман менен жарыша өнүгүү жолунда бараткан  Ош мамлекеттик  педагогикалык университети 1925-жылы Ош педагогикалык техникуму болуп ачылып, түштүктөгү эң алгачкы педагогикалык окуу жай катары негизделген.

Тактап айтсак  1924-жылы Кара кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндөн кийин Бишкек, Ош - Жалал-Абад облустарында атайын 6 айлык, 1 жылдык мугалимдерди даярдоо курстары ачылып, анын базасында Ош-Жалал-Абад  педагогикалык техникуму түзүлгөн. Кийинки жылы Ош педагогикалык техникуму 3 жылдык болуп ачылып, республикадагы эң алгачкы окуу жай катары кызмат көрсөтө баштаган. Бул убакта Кыргызстандын кесиптик окуу жайлары өнүгүү жолуна түшүп, миңдеген адистерди даярдоо муктаждыктарын жоюуга дал ушул Ош педагогикалык окуу жайы түздөн-түз салым кошкон.

Эл агартуу айдыңында Ош МПУ төмөнкүдөй баскычтарды басып өтүп, улам жаңыланып, тажрыйбасын, мүмкүнчүлүгүн кеңейтип бай тарыхты башынан кечирип келе жатат.

  • 1925- ж. Ош педагогикалык техникуму
  • 1929 ж. Ош – Жалал-Абад техникуму
  • 1937-ж. Ош педагогикалык окуу жайы
  • 1966-ж. Ош педагогикалык училищасы
  • 1994-ж. Ош педагогикалык колледжи
  • 1996-ж. Ош жогорку колледжи
  • 2002-ж. Ош гуманитардык-педагогикалык  институту
  • 2021-ж. Ош мамлекеттик педагогикалык университети

 

Бул аралыкта окуу жайдын билим берүү мейкини бир топ кеңейип, жыл сайын миңдеген адистерди даярдап, өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү мекемелерин сапаттуу кадрлар менен камсыздай алды.

 

ОшМПУнун МИССИЯСЫ

Билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлге интеграцияланган, педагогикалык, социалдык - экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо.

 

Ош МПУ – БҮГҮНКҮ БИЗДИН АРАКЕТ, ЭРТЕҢКИ ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК!

 

Агартуу айдыңында келечек муундарга заман талабына ылайык билим берүү максаты менен алдыга умтулуп келе жаткан билим ордобуздун ички мазмуну менен сырткы турпаты төп келип,  өз милдетин аткарып келет. Окуу жайдын соңку жылдардагы ар тараптуу жетишкендиктеринин натыйжасында институт макамынан “мамлекеттик университет” деген жогорку статуска ээ болушу –  жамааттын билим берүүдөгү жоопкерчилигин күчөтүп турса экинчи жагынан ар бир кызматкер куттуу билим уяда жогорку сыймык менен эмгектенүүгө дем-күч алып, шыктанып   турган учуру.

 

ЫРЫСКЫ ЫРООЛОГОН ЭМГЕК ЖАМААТ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин жамааты - коомго умтулуунун арты ийгилик, ынтымактын арты биримдик экендигин далилдей алган куттуу жамаат. Улуу муун баштаган устаттарыбыз, ызаат менен сыйын билген жаш кадрлардан тарта, өзүнө жүктөлгөн милдеттерин так аткарган чарба кызматкерлерине чейин ак пейилден эмгектенип, бири-бирибизге болгон ишенимдин жогору экендиги

Ынтымактуу жамааттын

Ырыскысы түгөнбөйт,  деген улуу сөзгө дал келээри анык.

 

Акыркы жылдары университет  өлкөбүздөгү  жалпы жогорку билим берүү мекемелеринин арасында зор атаандаштыкка жетишип коомчулуктун жогору баасына татып отурат.  Окуу жай өз миссиясында белгилегендей, коом үчүн компотенттүү кадрларды даярдоодо комплекстүү иш аракеттерди жасоо менен билим берүү сапарында тездик менен өнүгүү жолунда бара жатканын айгинеледи.

Университетте бүгүн

15 000  студент, 200 магистр, 40 аспирант билим алып жатат

300дөн ашуун профессордук окутуучулук курам эмгектенсе анын ичинен 4 илимдин доктору, 40 илимдин кандидаты, 30 магистр, 60 ага окутуучу, 150 окутуучу, 4 спорт чебери, 6 билим берүүнүн мыктысы.

6 факультет,  1 колледж жана Аспирантура жана магистратура бөлүмү ишмердүүлүк жүргүзөт.

 

ЗАМАНБАП ШАРТТА БИЛИМ БЕРЕБИЗ

Окуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнүн негизги каражаты болгон материалдык-техникалык базаны чыңдоо иштери тынымсыз аракет менен жаңыланып келет. Даярдалуучу адистиктер, күтүлүүчү натыйжалар тиешелүү каражаттар менен камсыздалып, ар бир адистиктин мүмкүнчүлүктөрүн коомдогу кызматын өстүрүү үчүн  үзгүлтүксүз иштеп жатабыз.

 Жалпылап айтканда учурда заман талабына жооп берген 4 окуу корпусу, 650 орундуу студенттик жатакана, жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылган компьютердик залдар, электрондук китепкана, виртуалдык лабораториялар, заманбап мультимедиалык каана, видео-проекторлор менен жабдылган лекциялык залдар, окуу залдары, лингофондук кабинеттер, редакциялык басмакана, китепкана, спорттук жана теннистик корттор менен бирге атайын усулдук борборлор кызмат көрсөтүүдө.

 

ЭЛЕКТРОНДУК БАШКАРУУ ӨЗ НАТЫЙЖАСЫН БЕРДИ

Билим берүүдөгү бардык иш аракеттер автаматташтырылып,  анын алкагында соңку беш жылдан бери студенттер окутуучудан көз карандысыз түрдө АВН порталы аркылуу модулдарын компьютердин жардамында тапшырып, автоматтык түрдө жыйынтык чыгып турат. Ошондой эле ата-энелер өз балдарынын модулдан, экзаменден алган бааларын сайт аркылуу үйдө туруп көрүп маалымат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындан тышкары  сабактардын жадыбалы да электрондук тартипке өтүп, студенттер учүн да окутуучулар үчүн да жагымдуу шарттар жаралды.

Онлайн билим берүүнү жөнгө салуу жана эфективдүү маалымат жеткирүү үчүн өткөн окуу жылында KelBil тиркемеси ишке киргизилди. Аталган тиркеме университеттин сайтына жайгаштырылып, учурда окутуучулар жана студенттер кызуу пайдаланууда.

Замандын талабы, мезгилдин агымы шарттаган «Бирдиктүү терезе» системасы да ишке ашырылып, санариптештирүү багыты жолго коюлду.

 

 

УНИВЕРСИТЕТ - ЭЛ АРАЛЫК РЕЙТИНГДЕ

Окуу жайдын соңку  жылдардагы иштеринин маанилүү багыты - көз карандысыз аккредитация процедурасына даярдануу жана рейтингдерге катышуу болуп, билим берүүнү баалоочу бир канча эл аралык  агенттиктердин рейтингине катышты.

  • 2019 -жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча II орунду камсыздадык.
  • 2020-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча V орунду камсыздаган.
  • 2021-жылы Казакстандын НААР көз карандысыз агенттиги өткөргөн жогорку окуу жайлардын билим берүү программаларын жана багыттары боюнча рейтингинде Педагогикалык билим берүү багыты боюнча II орунду камсыздады.

           Бул иш чаралардын алкагында 2019-жылы атайын орто кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликүү өтүп 5 жылдык сертификатка ээ болсо, 2020-2021-окуу жылында жогорку кесиптик билим берүү программалары аккредитациядан ийгиликүү өтүп 5-жылдык сертификатка ээ болду.

Ошондой эле университет 2021-жылы институционалдык аккредитациядан да ийгиликтүү өттү.

ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕР

Учурдун талабы ушул кадамдарга барууга мажбур да, муктаж да кылууда. Ал эмне? Албетте, бул- реалдуу, ачык, заманбап атаандаштыкты жүргүзө алуу жана анын талаптарына туруштук берүү.

Окуу жай ички жана эл аралык байланышты чыңдоону колго алып, билим берүү майданында негизги атаандаштыкты жүргүзө алды.

Мобилдүүлүк программасы  боюнча  бир топ иштер жөнгө салынып, анын негизинде 40ка жакын окутуучу жана 60 студент Бишкек шаарындагы Борбордук азиядагы Америка университетине, Кыргыз улуттук университетине, Казакстандын жана Россиянын бир топ педагогикалык жогорку окуу жайларына тажрыйба алмашуу жана өз билимдерин жогорулатуу максатында барып окуп келишти.

Бул колдоолор менен катар окутуучулардын жана студенттердин дүйнөлүк стандарттын негизинде компетенттүү адис болуп калыптануусу үчүн англис, орус, кытай, түрк, япон жана немец тилдери боюнча акысыз курстар уюштурулуп, анын алкагында студенттерге чет жактарга чыгып окуп, тажрыйба алмашып келүүсүнө мүмкүнчүлүктөр жаралды. 

 Билим алып жаткан студенттердин эртеңки педагогикалык ишмердүүлүгү жогорку денгээлде болуусу үчүн өлкөбүздөгү дасыккан, тажрыйбалуу педагогдор, илимпоздор, маданий кызматкерлер, чет өлкөлүк  коноктор менен жолугушуулар окуу жай тарабынан жөнгө салынып, максаттуу түрдө ишке ашып жатат. Бул багытта Чехия, Германия, Япония, Кытай, Польша, Америка, Турция жана Россия өлкөлөрүнөн коноктор келип  перспективдүү жолугушууларды, тажрыйба алмашууларды жөнгө салуу менен окуу жайлар аралык  кызматтык келишимдер түзүлдү.

 

 

УНИКАЛДУУЛУККА АЙЛАНТКАН АР ТАРАПТУУ КОЛДООЛОР

Университет конкреттүү түрдө ар тараптуу өнүгүү пландарын бекитип, анын алкагында окутуучуларды жана студенттерди шыктандыруу максатында өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү  жаратты.

Белгилей кетсек, жыл ичинде эң мыкты иш алып барган  15 кызматкерге ден соолугун чыңдоочу санаторияларга жолдомолор уюштурулуп, социалдык жардамга муктаж болгон окутуучуларга “Соцпакет” долбоорунун негизинде жылына төрт мугалим 50 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам берилүүдө.

 Илим жаатында докторлук диссертациясын жактаган  окумуштууларга 120 миң сом, ал эми илимдин кандидаттыгын коргогон окутуучуга 80 миң сом өлчөмүндө бир жолу берилүүчү акчалай сыйлык ыйгаруу салтка айланган.

            Ошондой эле студенттерге стимул катарында жылына жеке ишкер Курсант Сатыбалдиев тарабынан 10 студентке 10 миң сомдон стипендия ыйгарылат.

Олимпиадаларда, республикалык, эл аралык түрдүү сынактарда ийгилик жаратып, окуу жайдын наамысын коргогон студенттерге 5 миң сомдон 20 миң сомго чейин сый акы ыйгаруу чечими жолго коюлган.  Ошону менен бирге социалдык жардамга муктаж болгон студенттер атайын каттоого алынып, профсоюз комитети тарабынан ар бир студент материалдык жактан камсыздалып келет. 

Алдынкы студенттерибиз жыл сайын республикалык стипендияларга көрсөтүлүп, анын алкагында Президенттик “Үмүт” стипендиясын, коомдук ишмер Аскар Салымбеков тарабынан демилгеленген “Наамыс”, “Тирек”  стипендияларын ар тараптуу жетишкендигин көрсөтүп келген студенттер алып келүүдө.

Студенттерди шыктандырып, өз алдынча ишмердүүлүгүн колдоо максатында 50 миң сомго чейинки кичи долбоор жазуу сынагы уюштурулуп, жыйынтыгында мыкты деп табылган 3 долбоор университеттин эсебинен каржыланып, натыйжалуу түрдө ишке ашырылып жатат.

Ар бир окуу жылынын жыйынтыгы менен эң мыкты  40 студент тандалып,  жайкы эс алууга окуу жайдын атайын эсебинен Кыргызстандын 7 дубанына жана  коңшу өлкөлөрдүн тарыхый-маданий жерлерине  саякатка жөнөтүү жөрөлгөсү да салтка айланды.

 

ОшМПУ- ийгиликтүү эртеңкиге, кеменгерлүү келечекке карай

Окуу жайдын 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында белгилегендей, беш кабаттуу жаңы окуу имаратынын курулушу учурда кызуу жүрүп, кийинки жылга ишке киргизүү күтүлүүдө. Муну менен катар  заманбап үлгүдөгү спорт комплексин куруу пландалган. Университетте үзгүлтүксүз билим берүү жана билим алууну тажрыйба менен бекемдөө максатында даярдалып жаткан болочок агартуучулардын практикасын камсыздап, мыкты кадр болуп калыптануусу үчүн атайын  мектеп жана балабакча  куруу иштери пландалууда.  

        Ош мамлекеттик педагогикалык университети билим берүүнүн сапатын камсыз кылуу кепилдиги боюнча  сунуштарга таянуу менен илимдин, маданияттын, экономиканын, технологиянын жана социалдык чөйрөлөрдүн өнүгүүсүнө активдүү катышып, профессионалдык билим берүү программасын ишке ашырууда.

АСПИРАНТУРА ЖАНА МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  2021-жылдын  29-марттагы  №335/1   буйругунун  жана Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде  №7-1 протоколуна ылайык педагогикалык 5 багыт боюнча (№D2019-0013) магистратурага кабыл алуу жүргүзүлүүдө. (окуу мөөнөтү 2 жыл)

  • 550700 - Педагогика (профили: башталгыч билим берүүнүн усулу, мектепке чейинки билим берүүнүн усулу) магистр;
  • 550100 - Табигый илимий билим берүү (профили: биология, химия, география) магистр;
  • 550300 - Филологиялык билим берүү (профили: кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили) магистр;
  • 550400 - Социалдык-экономикалык билим берүү (профили: тарых) магистр;
  • 550200 - Физика-математикалык билим берүү (профили: математика, информатика)  магистр.

 

       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №327 токтому менен бекитилген  “Кыргыз   Республикасында  илимий педагогикалык жана илимий кадрларды  даярдоо  жөнүндө”  Жобосуна  жана   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  2021-жылдын 11-октябрь, №1678/1 буйругуна   ылайык   Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде төмөнкү багыттар боюнча  аспирантурага   бюджеттик жана келишимдик негизде кабыл алуу жүргүзүлүп келет.

  • 00.01 – “Жалпы педагогика, педагогиканын  жана билим берүүнүн тарыхы”;
  • 00.02 – “Окутуу жана тарбиялоонун теориясы менен методикасы (билимдин тармактары  жана деңгээли  боюнча)”;
  • 02.14 - “Биологиялык ресурстар”;
  • 02.01 – “Ботаника”;
  • 02.04 – “Зоология”;
  • 01.01 – “Кыргыз адабияты”;
  • 02.01 – “Кыргыз тили”;
  • 00.03 – “Органикалык химия”
  • 02.00.01 –“Органикалык эмес химия”

 

Ош МПУ – ДҮЙШӨНДӨР УЧКАН АЛТЫН УЯ!

Университетте бюджеттик жана келишимдик негизде жогорку жана орто билим берүү үчүн  педагогикалык багыттагы бардык адистиктер боюнча кесип ээлери даярдалат.

 

КЫРГЫЗ-РОССИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550300. Филологиялык билим берүү:
  • Кыргыз тили жана адабияты
  • Орус тили жана адабияты
  • Кытай тили

 

ГУМАНИТАРДЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550300. Филологиялык билим берүү:
  • Англис тили
  1. Социалдык-экономикалык билим берүү:
  • Тарых
  1. Социалдык иш
  2. Аймак таануу (япон тили)

 

ТАБИЯТ ТААНУУ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550100. Табигый-илимий билим берүү:
  • Биология
  • География
  • Химия

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  1. Дене тарбия (ЖРТ милдеттүү эмес)

 

МУЗЫКАЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550700. Педагогика:
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн

педагогикасы жана усулу

  • Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы

жана усулу

  1. Көркөм билим берүү, узыка)

(ЖРТ милдеттүү эмес)

  1. Психология

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

  1. 550200. Физикалык-математикалык билим берүү:
  • Математика
  • Информатика

 

КОЛЛЕДЖ

  1. 050709. Башталгыч класстарда окутуу
  2. 050704. Мектепке чейинки билим берүү
  3. 050720. Дене тарбия
  4. 040101. Социалдык иш
  5. 050 Чет тили
  6. Котормо иши
  7. Башкарууну документтик камсыздоо жана

архив жүргүзүү

  1. 230108. Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro