МУЗЫКАЛЫК - ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » МУЗЫКАЛЫК - ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ
8 сентябрь 2022
771

МУЗЫКАЛЫК - ПЕДАГОГИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ

Факультеттин тарыхы

 

            Музыкалык-педагогикалык факультет 1997-жылдын 25-февралында Ош жогорку колледжинин базасында уюштурулуп, жалпы билим берүүчү мектептер үчүн башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоо максатын көздөгөн.

2006-жылы 16-январда Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде музыкалык бөлүм педагогика факультетине бириктирилип, музыкалык-педагогикалык факультети болуп түзүлгөн.

            Учурда факультет ОшМПУнун  эң ири факультеттеринин бири. Факультетте 7000ге жакын студент сапаттуу билим алууда.

            Эң мыкты окуган, окуу жайдын коомдук, маданий-массалык иштерине жана спартакияларына активдүү катышкан студенттер материалдык жана моралдык колдоолорго ээ болуп келишет.

            Анткени факультетте жылына 500го жакын бүтүрүүчүлөр мамлекеттик сынактарын ийгиликтүү тапшырышып, жогорку окуу жайдын мамлекеттик үлгүдөгү дипломдоруна ээ болуу менен республикабыздын билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенишүүдө.

 

Факультеттин алгачкы жетекчилери:

  1. Мадраимов Сапарбек Мадраимович, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор – 1998-2000
  2. Кенжебаев Азамат Арстаналиевич, биология илимдеринин кандидаты, доцент

– 2000-2004

  1. Ободоева Күмүшай Сансызбаевна, физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент – 2004-2005
  2. –Ысмайылов Мухтар Зулпукарович, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

– 2005-2015

Бүгүнкү күндө музыкалык-педагогикалык факультетинин деканы п.и.к., доцент  Миңбаева Кундускан Бодоновна жетектеп келет.

 

Адистикер:

 

Багыттардын шифри жана аталыштары

 

Ишке ашырыла турган профилдердин/

Программалардын тизмеси

Окутуу  формасы

Күн-дүзгү

(+/-)

Сырт тан

(+/-)

Бакалавриат

 

 

1

550600«Көркөм билим берүү” (Музыка)

“Көркөм билим берүү” (Музыка)

+

 

+

 

2

550700 Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу

 

Башталгыч билим берүү

+

+

3

550700 Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу

Педагогика

+

+

4

530300 Психология

Психолог

+

+

 

 

Учурда факультеттин курамында  3 кафедра иштеп жатат, аларда төмөндөгүдөй адистиктер даярдалууда:

Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн теориясы жана усулу кафедрасында

  • 550700 “Педагогика жана башталгыч билим берүүнүн усулу” адистиги
  • 550700 “Педагогика жана мектепке чейинки билим берүүнүн усулу” адистиги

Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасында

  • 550600 “Көркөм билим берүү” (Музыка) адистиги

Педагогика жана психология кафедрасында

  • 530300 “Психология” адистиги

Факультете 3 кафедра бар ал төмөндөгүдөй курамда “Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун  усулу” кафедрада жалпы курамы -28, анын ичинен ички көмөкчүлөр-2, сырткы  көмөкчүлөр - 6, сырттан келген көмөкчү наамы бар профессордук окутуучулук курамдын саны-1,доцент-2,магистр-4,улук окутуучу-4,окутуучу 7,улук лаборант-1,лаборант-1.Педагогика жана психология кафедрасы болуп окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн. Кафедрада жалпы 25 окутуучу бар, анын ичинен 2 көмөкчү илимдин доктору, 4 штаттык илимдин кандидаты жана 2 көмөкчү илимдин кандидаты, 6 улук окутуучу, 7 штаттык окутуучу жана 4 көмөкчү окутуучу бар. “Башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн  теориясы жана усулу ”  кафедрада жалпысы болуп 13 окутуучу иштейт. Алардын ичинен 3 илимдин кандитаты, 4 ага окутуучу,1 окутуучу, 1 лаборант, көмөкчү 3 илимдин доктору,   1 илимдин кандидаты. 

 

 Окуу процессинин графигинин, академиялык календарынын жана ОПК өтүүчү сабактардын  ырааттамаларынын болушу;

Музыкалык-педагогикалык факультетинде даярдалып жаткан адистиктер боюнча окуу графиги жана окуу календары окуу жылдын башында түзүлүп, бекитилип, доскага илинген. Окуу графигинин жана окуу календарынын негизинде ОПК өтүүчү сабактардын расписаниеси түзүлүп AVN порталына жайгаштырылып жана доскага илинип анын негизинде сабактар  өтүлөт.

AVNге программасына  баары толук киргизилет.Окутуучулук - профессордук курамдын өтүүчү сабактардын ырааттамалары бекитилип AVNге киргизилген. Эрте менен предметтик тайпалык сабактар, түштөн кийин жекече-практикалык сабактар өз нугунда өтүлүп келет.Кафедранын ОПКнын өткөн сабактарынын ырааттамалары АВНден алынып кафедранын доскасына илинип коюлат.

 

           

Маданий массалык иш чаралары -

Маданий -массалыкжанаспорттукиш-чаралардыуюштуруужанаөткөрүү.

Факультеттин төмөндөгү  кафедрасы   Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу ОшМПУда өткөрүлгөн спорттук иш чараларга активтүү катышып стол тениси,  волейбол, тогуз коргоол, шахмат боюнча  байгелүү орундарга ээ болушту. 21-март “Нооруз” майрамына арналган студенттердин арасындагы жарманке-ыр-бий-дастан улуттук каада салтты даңктаган майрамдык иш-чарада кафедранын тайпалары М-21, М-20,М-19, М-18 активдүү катышышты. М-19 тайпасы улуттук кийими, жайган дасторкону, өзгөчө бата берүү ырлары  көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, мактоого арзышты. Окуу жылыбыздын  II жарым жылдыгында тарбиялык иштердин жыйынтыгы төмөндөгүчө:

Тарбиялык иштер боюнча мага жоопкерчилик берилген жалпы тайпалар тууралуу айтсам негизинен бул жерде ар бир тайпанын кураторлору менен иш алып барылды. Окуу жайыбызда кандай иш чаралар болбосун студенттерибиз өздөрүнүн мыкты деңгээлде көрсөтүп жатышты. Андан сырткары окуучуларыбыз өз өнөрлөрүн жеке талантттарын элге тартуулап теледен жана ошондой эле радиолордон тартуулап кызматын көрсөтүп жатышты. Окуу жайыбыздын улуу устаттарынын эскерүү кечеси болобу,  же болбосо залкарлардын чыгармачылык кечесинде болобу баарында агай- эжекелер баш болуп студенттер менен биргеликте  активтүүлүгүн көрсөтүп жатышты.

КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурган Кыргызстан боюнча жалпы хор коллективтердин кароо сынагына кызуу даярдык үстүндө иштедик, жана ошондой эле жалпысынан Кыргызстан боюнча хор коллективтеринин арасынан байгелүү орунду багындырып 70 мин сом акчалай сыйлык, 2- даражадагы диплом алып Бишкек шаарынан байгелүү кайттык. Андан сыркары кафедрабыз жылдык отчеттук концерттинде мыкты деңгээлде даярдап көрсөтө алдык. Ар бир мугалим өз кесибинде жеке сабактарынан мыкты деген студенттеринин бирден, экиден концерттик номерлери менен катышты. Окуу жайыбыздын актылар залында өткөрүлгөн концерттибизге ректорубуз баштаган жалпы жамаат көнүлдүү олтуруп алкыштарын айтышты. Ананда М-19 тайпасынын прослушованиясын жумасына 2 жолудан угууну буйрук бергени бойунча угуп жаттык. Ал жерде негизги музыкалык аспаптан, хор дирижерлоо, жеке ырдоо сабагынан жана жалпы фортепияно сабактарынан угууну үзгүлтүксүз өткөрүп жаттык. 4- курстарыбыз М-18 тайпасы мамлекеттик экзаменге даядыктарын мыкты деңгээлде көрсөтүп, гос экзаменин ийгиликтүү тапшырып алышты.

 

Студенттердин олимпиадаларга, конкурстарга жана билим берүү сапатын камсыз кылууга катышуусу.

Факультеттин  төмөндөгү  кафедрасы  “Музыкалык  билим берүү жана аны окутуунун усулу” студенттерге илимий макала жазууну үйрөтүү боюнча-“Макала жазуунун жолдору”-деген темада факультеттин илимий иштери боюнча жооптуу окутуучусу п,и,к., доцент  Б.А.Абдулахамидова жана музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын улук окутуучусу; кафедрада илимий иштери боюнча жооптуусу-Ч.А.Мурзакуловалар февраль айында жалпы факультеттин студенттери үчүн семинар өтүп беришти. Интернюс Коому тарабынан уюштурулган “Билим-Айтыш” аттуу семинары жаш төкмө акындардын медиа сабаттуулугун жоюу максатында Ысык-көл жана Бишкек шаарында жалпы 7 күн болуп өттү. Биздин музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын М-19 тайпасынын III курсунун студенти-Бураев Тынарбек барып окуп билим алып келди.ХХI кылымдын залкар төкмө акыны, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиевдин эскерүү кечесинде кошкон салымы үчүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад колледжи уюштурган иш чарага мыкты катышкандыгы үчүн  М-19 тайпасынын таланттуу төкмө акыны Бураев Тынарбеке-Ыраазычылык кат жолдошту. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, Токтогул Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасы уюштурган 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш чарага активдүү катышып, өз өнөрүн мыкты көрсөткөндүгү үчүн-Бураев Тынарбекке “Мактоо баракчасы” ыйгарылды. Жалал-Абад филиалы уюштурган Тамашоу лигасына-Акматжан уулу Бекназар командасы менен мыкты катышып III орунга ээ болуп келди. Узбекистандык студентибиз Сопарбаев Сотимбай Хоразм областык жаштар иштери агенттиги уюштурган “Республика жаштар обону” аттуу фестивальга эң мыкты катышып I орунду багындырып-Диплом менен сыйланды. КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган “Достук-2022” республикалык хор-фестивалына  катышып, 3-орунга ээ болдук. Студенттер үчүн чоң жетишкендик болду. Шыктануу атаандашуу пайда болуп, өзүн-өзү өстүрүп-өнүктүрүү үчүн зор дем күч алып келишти. 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro