Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы
8 сентябрь 2022
534

Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык – педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы

         Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин музыкалык - педагогикалык факультетинин музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасы. Кыргыз Республикасынын  билим берүү жана маданият министрлиги тарабынан бекитилип, (№09\06.18-июнь, 2012-жыл m-1, каттоо номери lll-50, ЖБ № 50 лицензияга  №8тиркеме) Даярдоонун кайра даярдоонун багыттары (кесиби ). Окутуунун формасы : күндүзгү жана сырттан. Окуу жайын аяктаганда берилүүчү билим деңгээли жана квалификациясы: жогорку «бакалавр» адистиги боюнча  мамлекеттик стандарттын негизинде иш алып барат. 550600 «Көркөм билим берүү»(музыка) адистигин алган бүтүрүүчү жалпы орто билим берүүчү мектептерде, балдар бакчаларында музыка мугалими болуп иштөө менен социалдык педагогикалык, тарбиячылык, маданий аткаруучулук багыттарында кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзө алган деңгээлде болушун камсыздоону кафедра өзүнүн негизги багыты, милдети катары эсептейт. №07-01.34.№4 2021-жылы кафедранын башчысы  Ч.А. Жалилова шайланган. Кафедрада - СССРдин элге билим берүү комитети ыйгарган  Н.К.Крупская атындагы сыйлыктын ээси - доцент Б.К. Сагынбаев, А.Б. Кошбаев, КРна эмгек сиңирген ишмер-А.Д. Нышанова, улук окутуучулар  Г.А. Бакиева, Б.Б. Мурзабаева, Ж.У.Усубалиева, М.К.Маматова, Мурзакулова Ч.А. Кафедранын магистрлери К.С. Абдыразакова , Ф.И.Алпекова, Акматов К.Э. Окутуучулар  А.Н. Кадырова,  Т.А.Маматов,  Т.Б.Муратов, Б.К.Касымбеков, К.У.Ташматов, Эркебаев Т.А.-маданияттын мыкты кызматкерлери, билим берүүнүн мыктылары эмгектенип, келечек муунга билим, тарбия берип келишет.

Улук  лаборант Мамасадык кызы Айгерим, лаборант Найманова Э.Д.

 

Ал эми ушул музыкалык бөлүмдү бүтүргөн - Токтобүбү Бабашева -Ош МУнун исскуство факультетинин доценти, илимдин кандидаты-Темир Жоробеков , Кыргыз ССРинин  эл  артисти, «Кыз бурак» ансамблинин негиздөөчүсү, Оштогу Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын директору -Гүлшайыр Садыбакасова, Жумабек Дүйшеналиев Сапаралиевич жана Өмүрзаков Абдурашит Турдубаевич-Кыргыз илимдер академиясында эмгектенип жатышат. 

 

         Мындан сырткары мыкты адистер иштеп кетишкен :

 

Е.Цитта, Р.Абдулин, М.Мамышева, А.Ходюков, Л.Бондаренко, Л.Заварзин, А.Патидинов, Г.Исмаилова, М.Бостонкулов, С.Кынатов.

          Ал эми адистикти бүтүргөн төмөнкү бүтүрүүчүлөрүбүз кафедра менен тыгыз байланышта кызматташып турушат. Алар: Токоева Канчайым- Таш-Көмүр музыкалык искусство мектебинин директору, Нышанбаева Айжамал-Баткен музыкалык мектебинин музыка мугалими,  Карасеитов Эркин- Алай райондук балдар чыгармачылык борборунда музыкалык жетекчи, Токтобаев Болот КРнын эмгек сиңирген артисти, Нарматов Дамир-Оштогу «Ак Буура» кинотеатрынын негиздөөчүсү, «Семетей» кинотеатрынын директору, кинопродюсер,  Сатыбеков Гүлжигит- жеке ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти, Борошев Алтынбек-жеке ырчы, Жоробаева Акмарал-жеке ырчы, маданияттын мыктысы, Рыскулова Гүлзада- жеке ырчы, КРнын эмгек сиңирген артисти, Өктөм Сапар уулу- жеке ырчы, композитор, Исаева Айгүл- А.Жайнаков атындагы Баткен драмалык театрынын 1 категориядагы актрисасы болуп эмгектенип жатышат.  

        Кафедрада 2021-жылдан тарта окутуучулардан турган “Кербен” фольклордук топ түзүлүп ийгиликтүү иш алып барууда. Мындан сырткары  Хор коллективинин  жетекчиси - доцент, Сагынбаев Б .К. Спорт клубунун жетекчиси Мурзакулова Ч.А. Ош МПУнун бардык маданий - массалык иш чараларында, чет элден, шериктеш мамлекеттерден келген конокторду тосуп алууда кафедранын-хор коллективи, фольклордук тобу, студенттерден турган ыр- бий топтору жана ошондой эле профессионалдуу аткаруучу окутуучулар өз эмгектерин көрсөтүп иштеп келишет.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro