АДАБИЯТ АЛПТАРЫ БҮГҮН САХНАДА ЖАНДАНДЫ... » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » АДАБИЯТ АЛПТАРЫ БҮГҮН САХНАДА ЖАНДАНДЫ...
12 декабрь 2022
353

АДАБИЯТ АЛПТАРЫ БҮГҮН САХНАДА ЖАНДАНДЫ...

АДАБИЯТ АЛПТАРЫ БҮГҮН САХНАДА ЖАНДАНДЫ...
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 12-декабрь Адабият күнүнө арналган жумалыктын жыйынтыктоо кечеси болуп өттү.
Иш чара Кыргыз-Россия факультети тарабынан уюштурулуп, мында факультеттин таланттуу студенттери тарабынан адабий-музыкалык кече тартууланды.
Сахнада Айтматовдун каармандары сүйлөп, чыгармалары жандуу аткарылды. Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмоновдун ырлары көркөм окулуп, обондуу чыгармалар ырдалды. Аны улай кахут оюну ойнотулуп, мында көрүүчүлөр залкар инсандардын өмүр таржымалын, чыгармаларын камтыган тесттик суроолорго жооп беришип, жеңүүчүлөр адабий китептер менен сыйланышты.
Соңунда жумалыктын алкагында уюштурулган сынактарда байгелүү орундарды ээлеген студенттерге уюштуруу тобу тарабынан диплом жана китептер тапшырылды.
Эскерте кетсек 5-12-декабрь күндөрү Кыргыз-Россия факультети жана Жаштар комитети тарабынан Адабият күнүнө арналган жумалык жарыяланып, анын алкагында тасма көрсөтүлүп, дил баян, ыр жазуу сынактары уюштурулуп, тегерек стол, акыл ордо интеллектуалдык оюндары өткөрүлгөн.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro