БАЯМАН САГЫНБАЕВДИН 75 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ БЕЛГИЛЕНДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » БАЯМАН САГЫНБАЕВДИН 75 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ БЕЛГИЛЕНДИ
26 ноябрь 2022
440

БАЯМАН САГЫНБАЕВДИН 75 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ БЕЛГИЛЕНДИ

ОшМПУда КӨП КЫРДУУ ТАЛАНТ ЭЭСИ БАЯМАН САГЫНБАЕВДИН 75 ЖЫЛДЫК ЮБИЛЕЙИ БЕЛГИЛЕНДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ССРдин Крупская атындагы сыйлыгынын лоуреаты, ОшМПУнун эмгек сиңирген кызматкери, окуу жайдын гимнинин автору, доцент Баяман Сагынбаевдин 75 жылдык юбилейине арналган салтанат болуп өттү.
Иш чара университеттин чоң залында болуп, ага юбилярдын замандаштары, санаалаш достору, кесиптештери, шакирттери жана студенттер катышты.
Мында алгач каармандын өмүр жолун баяндаган тасма көрсөтүлүп, катышуучуларга классикалык жанрда жагымдуу чыгармалар тартууланды.
Бул кечеде хормейстер Баяман Сагынбаевдин автордук обондору ырдалып, анын дирижёрлугунда хор чыгармалар аткарылды.
Окуу жайдын өнүүгүсүнө талыкпай салым кошуп, эң мыкты шакирттерди тарбиялап чыккандыгы үчүн университеттин ректору Бекмурза Зулуев агайды атайын белек менен сыйлады.
Эскерте кетсек аталган салтанат Баяман Сагынбаевдин басып өткөн өрнөктүү өмүр жолун, чыгармачылыгын даңазалоо, эмгектерин кийинки муунга жайылтуу максатында музыкалык билим берүү жана психология кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду.
Сагынбаев Баяман Калыгулович 1947-жылы 20-мартта Талас облусунун азыркы Бакай-Ата районунун Маданият айылында чарба кызматкерлеринин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Эмгек жолунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 23 жыл Музыкалык бөлүмдү башкарып, 5 жыл кафедраны жетектеп, учурда Музыкалык билим берүү жана аны окутуунун усулу кафедрасынын доценти катары талыкпай, жигердүү кызмат өтөп келүүдө. Каарманыбыз үй бүлөдө 1 кыз жана 5 уулдун сүйүктүү атасы, 7 неберенин мээримдүү чон атасы. Баяман Сагынбаев СССРдин Билим жана илим Мамлекеттик Комитетинин Н.К.Крупская атындагы сыйлыгынын ээси.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro