ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ ҮЧҮН БИЗНЕС-ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ ҮЧҮН БИЗНЕС-ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ
14 февраль 2023
257

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ ҮЧҮН БИЗНЕС-ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУнун СТАРТАПЕРЛЕРИ ҮЧҮН БИЗНЕС-ТРЕНИНГ ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин келечек стартаперлери үчүн “Ишкердикти баштоонун этаптары” аттуу семинар уюштурулду.
Аталган семинарды Ага Хан фондунун жаштардын арасында ишекерлердүүлүктү өнүктүрүү программасынын координатору Искендер Кадыров жана ЖИА бизнес-ассоциациянын бизнес-консультанты Султан Рахманов өтүп берди.
Бизнес чөйрөсүндө туура багыт берүү жана жаштар арасында бизнести кенен жайылтуу максатында уюштурулган иш чарада стартап, дизайн ой жүгүртүү, эмпатия, көңүл буруу, фокус кармоо, прототип, идеялардын жаралышы, модель жасоо боюнча кенен маалыматтар берилди.
Иш чарага университеттин Бизнес идеяларды ишке ашыруу борборунун мүчөлөрү активдүү катышып, өздөрүнүн долбоорлорун жана идеяларын айтып, аны талкуулашты. Ошондой эле адистерге бир канча суроолорду узатышып, бизнес жаатында аз да болсо билимдерин толукташты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro