Аспирантура жана магистратура
АСПИРАНТУРА ЖАНА МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮНҮН ТАРЫХЫ
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан А.Ж. Мырсабеков атынындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтуна Аспирантура бөлүмүн ачуу жөнүндө 2017-жылдын 12-май күнү №582/1 буйругу чыккан. Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында жана 1995-жылдын 9-ноябрындагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын № 8/с/с-3/2 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жөнүндөгү Жобонун 35-пунктуна ылайык аспирантура бөлүмү ачылган. Илим жана аспирантура бөлүмүн соц.и.к., доцент Маткаримов Н.Т. жетектеген. 2017-жылы декабрь айында педагогикалык багыттагы 10 адистик боюнча келишимдик негизде сырттан окуу бөлүмүнө алгачкы аспиранттар кабыл алынган. 2018-жылы сентябрь айында аталган бөлүмдү т.и.к., доцент Осмонов С.Ж. жетектеген. 2020-жылы 1-сентябрда Аспирантура жана магистратура бөлүмү болуп кайрадан өзгөртүлүп түзүлгөн. 2020-жылдын 1-октябрынан тартып аталган бөлүмдү т.и.к., доцент Сагынбай к. Нурила жетектеп келүүдө. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 29-мартындагы №335/1 буйругуна ылайык, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде, 2021-жылдын 29-мартындагы №7/1 протоколуна ылайык Кесиптик билим берүү программалары (магистратурага) педагогикалык 5 багыт боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия берилген. 2021-2022-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 172 магистрант кабыл алынган. 2022-2023-окуу жылында жалпысынан 443 магистрант окуп жатат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №327 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында илимий педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо жөнүндө” Жобосуна жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 11-октябрь, №1678/1 буйругуна ылайык ОшМПУнун 2021-2022-окуу жылына аспирантурага бюджеттик негизде (өндүрүштөн ажыратпай) сырттан окуу бөлүмүнө 15, келишимдик негизде 7 аспирант кабыл алынган.