КИОТО УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОшМПУда » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » КИОТО УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОшМПУда
18 январь 2023
257

КИОТО УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОшМПУда

КИОТО УНИВЕРСИТЕТИНИН ПРОФЕССОРУ ОшМПУда
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери Япониянын Киото университетинин профессору биограф, зоолог жана илимпоз Такуя Сома менен жолугушту.
Профессор Кыргызстандын маданиятына, каада-салтына, жаратылышына абдан кызыкдар. Учурда Ош менен таанышуу жана Жибек жолун изилдөө максатын көздөйт. Бул менен бирге Курманжан Датка тууралуу да изилдөө иштерин жүргүзүп, тарыхый маалыматтарды казууну каалайт.
Ал үчүн студенттерден изилдөө иштерине кызыкдар болгондорду командага кабыл алып, Японияга барып келүүсүн каржылоо менен бирге илимий изилдөө жүргүзүүнү пландаган. Ошондуктан бүгүн студенттер менен жолугушуп, өзүнүн илимий эмгектерин тааныштырып, алдыдагы пландарын айтып, маалымат берди.
Буга чейин Такуя Сома мырза Кыргызстанга келип бүркүт канаттуусу боюнча изилдеп, докторлук диссертациясын жактаган жана ак илбирс тууралуу даярдаган илимий эмгеги үчүн Японияда жогорку сыйлыкка ээ болгон.
Эскерте кетсек жолугушуу университеттин жетекчилигинин уруксаты менен Кыргыз-Жапон борбору жана Ош-Жапон борбору менен биргеликте уюштурулду.   
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro