ВИЧ-СПИД оорусу боюнча маалымат берилди » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ВИЧ-СПИД оорусу боюнча маалымат берилди
24 ноябрь 2022
470

ВИЧ-СПИД оорусу боюнча маалымат берилди

ДАБАСЫЗ ДАРТ ТУУРАЛУУ СТУДЕНТТЕРГЕ МААЛЫМАТ БЕРИЛДИ
24-ноябрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде ВИЧ-СПИД инфекциясы, жыныстык жолдор менен өтүүчү оорулардын жана наркоманиянын алдын алуу бонча тиешелуу адистер менен студенттердин жолугушуу болду.
Иш чарага Ош облусунун СПИДке каршы күрөшүү боюнча жана аны алдын алуу борборунун дарыгерлери Адилет Бурканов жана Алманбет Каныбек уулу жана университеттин бардык факультеттеринен студенттер, окутуучулар катышышты.
Мында аталган дарт жөнүндө адистер кеңири токтолушуп, оорунун жугуу жолдору, кооптуулугу, сактануу эрежелери жана Кыргызстандагы, дүйнөдөгө статистикалык маалыматтар менен да тааныштырып өтүштү.
Жолугушуунун соңунда студенттер адистерден ар кандай суроолоруна жоопторду алышып, ВИЧ-СПИД инфекциясы тууралуу талкуу жүргүзүштү.
Белгилей кетсек иш чара 1-декабрь Бүткүл Дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата Ош облусунун СПИДке каршы күрөшүү боюнча жана аны алдын алуу борбору жана ОшМПУнун жетекчилиги тарабынан уюштурулган.
Маалымат иретинде: Бул илдет алгачкы жолу 1981-жылы катталган. ВИЧ- Иммунножетишсиздикти пайда кылуу менен СПИДдин өнүгүшүнө алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун маалыматына ылайык дүйнөдө ВИЧ инфекциясын жуктурган адамдардын саны 46 млн.дон ашат.
СПИД (кабылданган иммундук жетишсиздик синдрому) – иммундук тутумдун жок кылынышынан улам организмдин коргоо күчү солгундай турган патологиялык абал. Ал эми өтө коркунучтуу жугуштуу оору – ВИЧ-инфекциянын акыркы чеги болуп саналат.
Бул ооруга каршы күрөшүү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы мамлекеттик артыкчылыктуу милдеттердин бири. Ал 1982-жылдан бери белгилүү, дүйнөдөгү баардык өлкөлөрдө атайын каттоого алынат. Жуктуруучусу – вирусту алып жүргөн адам.
Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro