Кафедра боюнча маалымат » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Кафедра боюнча маалымат
1 ноябрь 2022
418

Кафедра боюнча маалымат

Ош МПУнун миссиясы

 

Билим берүүдө сапат кепилдигин камсыздоо менен коомдун өнүгүүсүнө салым кошо алган, интеллектуалдык потенциалы жогору, атаандашууга жөндөмдүү, дүйнөлүк деңгээлде интеграцияланган, педагогикалык, социалдык-экономикалык багыттагы жогорку жана орто кесиптик компетенттүү адистерди даярдоо.

 

 

Кафедранын девизи:   «Издеген ийгилик жаратат».

 

 

Кафедранын проблемасы:  «Педагогикалык жана психологиялык предметтерди окутууда элдик педагогиканы колдонуу  маселелери»

 

 

 

Кафедра башчысы:  п.и.к., доцент  Даминова И.

 

Кафедранын негизги милдеттери:

 

  • Профессорлордук - окутуучу курамдын окуу усулдук иштерин өркүндөтүү.
  • Студенттердин чыгармачылык менен билим алуусу, алардын мүмкүнчүлүгүн өркүндөтүү максатында окутуунун жаңы технологияларын колдонуу.

 


«Педагогика жана психология» кафедрасынын  тарыхы

 

Педагогика жана психология кафедрасы 1997-жылы Ош Жогорку Колледжинин базасында  “Педагогика” кафедрасы түзүлгөн.

Жаңы ачылган кафедраны окутуучу Даминова Инабат эң алгачкылардан болуп жетектеди. Кафедрада илимдин кандидаттары жана билим берүүнүн мыктылары: психология илиминде өзгөчө орду бар, бир нече психология илими боюнча монография, статьялардын автору А. Ж. Мырсабеков, п.и.к. К.Абдилакимов, п.и.к., доцент Б.Апышевдер алгачкылардан болуп эмгектенишкен жана түздөн-түз чоң салымдарын кошушкан.  Кафедрада тажрыйбалуу алдыңкы практик окутуучулар эмгектенишкен. Аларга:

В.А.Никулина СССРдин атайын орто кесиптик билим берүүнүн мыктысы, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы,

С. М. Моисеева – СССРдин жана Кыргыз ССРинин билим берүүсүнүн мыктысы, «эмгек ветераны» медалынын ээси жана тажрыйбалуу окутуучулар:  Кыргыз өкмөтүнүн Ардак граматасынын ээси Унгефухт Н. К.,  Саленкова Г. Я., Миллер О.Е., Юсубахунова Р., Исаева З., Тыныстанова Б., Абдураимова З.С., Даминова И. Д., Шерматова Т. Н.,    Асанова С., Г.Онкошева, Иманкулова Э., Смадиярова З.А., Кадырова Т., Шербаева Ж.Р.,  Акматова Ч.А., Рахматуллаева М.Д., Мурзаканова Г.А., Досматова Г.Ж., ж.б. эмгектенишкен  жана эмгектенип келе жатат.

2005-2006-окуу жылында кафедраны п.и.д., профессор Хасанов Т.Х. жетектеген.

2006-жылдын сентябрынан 2010-жылдын сентябрына чейин кайрадан И. Даминова кафедраны жетектеп келди.

2010-жылдын сентябрь айынан 2015- жылдын июнуна  чейин  КРнын эл агартуусунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Смадиярова Зымырат Акуновна жетектеген.

«Педагогика» кафедрасында өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча 2015-жылдын 25-июнунан баштап КРнын эл агартуусунун мыктысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент И. Даминова жетектеп келе жатат.

Азыркы учурда Ош Мамлекеттик педагогикалык универтетинин  Музыкалык-педагогикалык факультетиндеги “Педагогика жана психология“ кафедрасы болуп өзгөрүп, кафедра  тейлөөчү кафедра катары иштеп жатат. Бүгүнкү күндө кафедрада 16 окутуучу- профессордук курамы эмгектенишет

 

Кафедра: «Педагогикалык жана психологиялык предметтерди окутууда элдик педагогиканы колдонуу  маселелери» деген проблеманын үстүндө иш жүргүзүп келүүдө.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Педагогика жана психология кафедрасы 2021-2025-жылдар үчүн өнүктүрүүнүн стратегиялык планын түзгөн. Стратегиялык планда окутуучулардын илимий изилдөө иштеринин сапатын арттыруу жана улуттук жана эл-аралык басылмалардан макала чыгаруу перспективасы белгиленген. Белгиленген план боюнча учурда окутуучулар тарабынан жергиликтүү жана эл аралык журналдарга 27 илимий макалалар жарык көргөн, анын 10у жергиликтүү басылмалардан, ал эми 17си эл аралык басылмалардан журналдарга илимий макалалар чыгарылды. Билим берүүнүн программасынын талабына ылайык окуу жумушчу программалары жана силлабустары кайрадан каралып бекитилди. Ош МПУга студенттерди кабыл алуу өнөктүгүнө кафедранын окутуучулары активдүү катышты, өзгөчө алыскы райондордогу айыл жерлериндеги студенттерге кесипти туура тандоо боюнча маалыматтарды берип үгүт иштерин жүргүзүштү. Кафедрада окутуучулардын методикалык сабактарын жакшыртуу максатында “Үлгүлүү сабак билим берүүгө өбөлгө” аттуу конкурс уюштурулуп бир нече сабактардын иштелмелери иштелип чыкты. Стратегиялык план боюнча илимий изилдөө иштерин жолго коюп, кафедранын сапаттык көрсөткүчүн жогорлатуу максаты коюлган эле. План боюнча илимий изилдөө иштеринде  алгылыктуу иштер жүргүзүлүп кафедранын магистр окутуучусу Рита Умарова кандидаттык илимий ишин ийгиликтүү коргоп , педагогика илимдеринин кандидаты илимий даражага ээ болду, атайын КРнын ЖАКда бекитилди. Ал эми кафедранын  улук окутуучулары Жыпаргүл Шербаева  жана Чынара Акматовалар кандидаттык илимий даражасын  жогорку деңгээлде ийгиликтүү коргошту.

 Стратегиялык план боюнча даярдалып жаткан адстиктеги адис даярдоо сапатын жогорлатуу максатында окутуучулар тарабынан окуу усулдук колдонмо иштелип чыгып, колдонууга сунушталды.Алар Жыпаргүл Шербаеванын “Башталгыч класстарда жомокторду жана уламыштарды окутуунун методикасы”, Чынара Акматованын “Адабий окуу сабагын окутуунун технологиялары”аттуу усулдук колдонмолору жарык көрүп, башталгыч класстардын мугалимдери үчүн заманбап колдонмо катары колдонсо болот.

Окутуунун заманбап технологияларын окутуучуларга туура колдонуу максатында атайын илимий семинар уюштурулду. Семинардын темасы: “Сабактарды санариптештирүү менен өтүү ыкмалары” – деген темада өтүлдү. Кафедранын ар бир окутуучусуна жаңы технологияларды колдонуу жагы милдеттендирилди.

 

  • Ишке ашырылуучу багыттардын тизмеси;

 

Багыттардын шифри жана аталыштары

Ишке ашырыла турган профилдердин /

программалардын тизмеси

Окутуу формасы

Күн-дүзгү

(+/-)

Сырт тан

(+/-)

Бакалавриат

 

 

1

530300 Психология

 

+

+

 

 

 

 

 

 

1.    Сапатты башкаруу системасын документтештирүү

·      Кафедранын түзүмү;

Педагогика жана психология кафедрасы болуп окумуштуулар кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 25-январында түзүлгөн. Кафедрада жалпы 25 окутуучу бар, анын ичинен 2 көмөкчү илимдин доктору, 4 штаттык илимдин кандидаты жана 2 көмөкчү илимдин кандидаты, 6 улук окутуучу, 7 штаттык окутуучу жана 4 көмөкчү окутуучу бар.

  • Кафедранын эффективдүү ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү;

Кафедра 2021-2022-окуу жылында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен бирге Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене бой жактан тарбиялоонун актуалдуу маселелери” деген аталыштагы Эл аралык практикалык конференция өткөрдү.

Конференциянын максаты: Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында аталган багыттагы илимий изилдөөлөрдү, практикалык тажрыйбаларды талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгып, аны практикада колдоно билүүгө багыттоо иштерин колго алууну, жайылтуу милдеттерин ишке ашыруу жагы каралып, окуу жайдын атайын чыгарылган журналына жарыяланды. ОШ МПУнун жарчысына макалалар жарыяланды, уюштуруу иштерине педагогика жана психология кафедрасы жетектеди. Кафедранын доценти п.и.к., Даминова Инабаттын, улук окутуучулар Ысакова Мавлюда жана Курбаналиева Гулзиранын илимий макалалары республикалык деңгээлдеги илимий баллы жогорку болгон “Актуальные вопросы образования и науки” журналына жарык көрдү.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro