А. МЫРСАБЕКОВ АТЫНДАГЫ ОШ МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН БАСМАКАНАСЫ БОЮНЧА ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо ОшМПУнун басмаканасынын ишин жөнгө салат, анын милдеттерин, функцияларын, кызматкерлеринин укуктарын жана милдеттерин, ишти уюштуруунун тартибин аныктайт.
1.2. Бул документтин жоболору басмакананын кызматкерлери жана аны менен өз ара аракеттенүүчү университеттин башка бөлүмдөрү үчүн милдеттүү болуп саналат.
1.3. Жобо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин (мындан ары университет) Уставынын негизинде иштелип чыккан.
1.4. А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин басмаканасы (мындан ары - Басмакана) университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
1.5. Басмакана өз ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, унивверситеттин уставын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.6. Басмакананын ишмердүүлүгү университетте белгиленген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык илимий иштер боюнча проректор тарабынан координацияланат.
1.7. Басмакананын түзүмүн, санын жана штаттык санын өзгөртүү илимий иштер боюнча проректордун сунушу боюнча ректор тарабынан бекитилет.
1.8. Бул Жобо, ага киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөр университеттин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен кабыл алынат жана ректор тарабынан бекитилет.
1.9 Басмакана университеттин ректорунун буйругунун негизинде жоюлушу же кайра түзүлүшү мүмкүн.
1.10. Басмакана кызматкерлеринин кызматтык милдеттери жана алардын иштөө шарттары ар бир кызматкер менен түзүлгөн эмгек келишимдеринде, университеттин ички тартибинде аныкталат.
2. Басмакананын негизги милдеттери жана функциялары
2.1. Басмакананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
2.1.1. Университеттин мезгилдүү басылмаларын (“ОшМПУнун жарчысы” илимий усулдук журналы) басмадан чыгаруу, университеттин кесипке багыттоо иш кагаздарын чыгаруу, Университеттин рекламалык буклеттерин чыгаруу, Окумуштуулар кеңешинин материалдарын чыгаруу, Тышкы байланыштар боюнча материалдарды, буклеттерди чыгаруу, университеттин денгээлинде өткөрүлүүчү аймактык, эл аралык конференциялардын программаларын жана башка материалдарын басмадан бекер чыгаруу.
2.1.2. Университеттин профессордук окутуучулук курамынын окуу усулдук колдонмолорун, китептерин, факультеттин, кафедранын деңгээлиндеги иш чаралардын материалдарын (грамота, диплом ж.б.) сарпталуучу каражаттарды (кагаз, краска, клей ж.б.) алып берген учурда басмадан бекер чыгарып берүү.
2.1.3. Полиграфиялык жабдууларды эффективдүү пайдалануу; полиграфиялык өндүрүштүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу, аткарылуучу иштердин ассортиментин жана сапатын жогорулатуу, сарпталуучу материалдарды жана кагазга чыгымдарды азайтуу.
2.2. Басмакана жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
2.2.1. Илимий, окуу-методикалык, маалымдама жана башка басма материалдарын чыгарат;
2.2.2. Редакциялык-басма циклинин айрым элементтерин жүзөгө ашырат: КР Китеп палатасынан ББК, ISBN номерлерин алууга көмөктөшөт, басмадан чыгарган окуу-усулдук колдонмолордун, китептердин милдеттүү нускаларын университеттин китепканасына жана КР Китеп палатасына жөнөтүлүшүн контролдойт (Университеттин басмаканасынан чыккан окуу-усулдук колдонмолор, китептер милдеттүү түрдө 2 даанасы университеттин китепканасына, 10 даанасы КР Китеп палатасына жөнөтүлөт);
2.2.3. Сарпталуучу материалдарга, полиграфиялык жабдууларды тейлөөгө жана оңдоого учурдагы чыгымдарды талдайт.
3. Басмакана кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
3.1. Басмакананын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:
- Университеттин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн басмакананын функцияларын аткарышы үчүн зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды өзүнүн кызматтык милдеттеринин чегинде сурап алууга;
- Жетекчилике басмакананын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- басмакананын ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон компьютердик, көчүрмө жана башка оргтехниканы, байланыш техникасын, ошондой эле институтта болгон башка материалдык ресурстарды пайдаланууга;
- алдыңкы тажрыйбаны алмашуу боюнча иш-чараларга, көргөзмөлөргө, семинарларга жана полиграфиялык уюмдар жана ведомстволор өткөргөн башка иш-чараларга катышууга;
- Университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү жана үчүнчү тараптык уюмдар менен биргелешкен басма жана полиграфиялык долбоорлорго катышууга.
3.2. Басмакананын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- университеттин окумуштуулар кеңешинин чечимдерин, университеттин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн, университеттин ректорунун, илимий иштер боюнча проректордун көрсөтмөлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга;
- басмакана тарабынан камсыз кылынган университеттин ишин өркүндөтүүгө жана өнүктүрүүгө;
- өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди натыйжалуу жана толук аткарууга;
- басмакананын документтеринде камтылган маалыматтардын купуялуулугун сактоого;
- Университеттин ченемдик документтерине ылайык иш кагаздарын жүргүзүүнү, документ жүгүртүүнү жана басмаканада түзүлгөн документтерди сактоону жүзөгө ашырат;
- кесиптик квалификациясын жогорулатуу;
- полиграфиялык басма продукциясынын сапатын жана анын колдонуудагы тармактык стандарттарга (КМС) ылайык келишин контролдоону жүзөгө ашыруу.
- полиграфиялык басма продукцияларын даярдоо мөөнөттөрүнүн сакталышын көзөмөлдөөгө.
4. Башка структуралык бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү
4.1. Басмакананын университеттин башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракети ушул Жобо менен ага жүктөлгөн милдеттер жана функциялар менен аныкталат.
4.2. Басмакана университеттин бардык түзүмдүк бөлүмдөрү менен алардын муктаждыктары үчүн басма продукциясын чыгаруу маселелери жана басмакананын компетенциясына кирген башка маселелер боюнча өз ара аракеттенет.
4.3. Университеттин басмаканасынын кызматтарынан пайдалануу университеттин электорндук ички документ жүргүзүү АiDoc аркылуу түзүлгөн маршрут боюнча ишке ашат. Кагаз түрүндө келген билдирүүлөр жана оозеки кайрылуулар каралбайт.