18 март 2022
58
ОшМПУда КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНИ ӨТТҮ
ОшМПУда КЫЗ-ЖИГИТ САРМЕРДЕНИ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде келе жаткан Нооруз майрамына арналып студенттердин кыз-жигит сармерден оюну болуп өттү.
Иш чара окуу жайдын Жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, таланттуу студенттердин катышуусунда жалпы көрүүчүлөргө жагымдуу кече тартууланды. Кыз-жигиттердин шаңдуу тамашасы жана таланттуулардын таймашы тартууланган бул кечеге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат, окутуучулар жана студенттер катышты.
Мында чыгармачыл студенттерден түзүлгөн кыз-жигиттер бет маңдай отурушуп, жобого ылайык саламдашуу, ысырык салуу, табышмак табуу, жаңылмач, макал-лакап, акыйнек айтышуу, ырдоо, бийлөө сыяктуу кыргыз элинин улуттук каада салтын, нарк-насилин, тарыхын жана маданиятын камтыган чыгармалар аркылуу кызыктуу таймаш курушту.
Сармердендин соңунда ректор Б.Зулуев сөзгө чыгып, кыз-жигиттер мыкты даярдык менен сахнага чыкканын баса белгилеп, көрүүчүлөргө жогорку деңгээлде майрамдык маанай тартуулашканы үчүн уюштуруу тобуна жамааттын атынан ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ректор алдыда келе жаткан жалпы адамзат үчүн жаңылануунун, жаңы жашоого умтулуунун символикалуу күнү болгон Нооруз майрамы менен жамаатты, эли-журтту кызуу куттуктап өттү.