АГАРТУУЧУ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВ ОшМПУда КОНОКТО » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » АГАРТУУЧУ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВ ОшМПУда КОНОКТО
4 октябрь 2022
481

АГАРТУУЧУ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВ ОшМПУда КОНОКТО

АГАРТУУЧУ МАМБЕТАСАН ИБРАЕВ ОшМПУда КОНОКТО
Бүгүн, Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттери белгилүү аалым, агартуучу Мамбетасан Ибраев менен жолугушуп, өзгөчө семинарга күбө болушту.
Жолугушуу окуу жайдын чоң жыйындар залында уюштурулуп, аны университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берди. Семинар студенттердин интеллектуалдык дараметин, дүйнө таанымын, китепке болгон мамилесин, билимге сүйүүсүн арттыруу, жогорулатуу таризинде коштолду.
Семинардын жүрүшүндө тренер өзүнүн билимин, турмуштук тажрыйбаларын жана дүйнөлүк деңгээлге ортоктош болгон ойлорун, идеяларын кеп кылып, азыркы муундун аксаган сапаттарын белгилеп, алдыга умтулууга, көп окуп, билимдүү жаштардын коомун түзүүгө чакырды.
Жаштардын кыялдарын курчутуп, бийик-бийик ийгиликтердин ээси болууга үндөдү. Бул менен бирге учурда ар бири окуусу зарыл болгон дүйнөлүк китептер менен тааныштырды.
Соңунда катышуучулар бир канча суроолорду узатып, жооп алышып, мыкты мотивациялык семинар үчүн конокко ыраазычылык билдиришти.
Белгилей кетсек, Мамбетасан Ибраев коомдук жана диний ишмер, “Калем” академиясынын негиздөөчүсү. 5 тилде эркин сүйлөп учурда чет элдик китептерди кыргыз тилине которуп, окурмандарга сунууда.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro