Факультеттер аралык англис тили кафедрасы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Факультеттер аралык англис тили кафедрасы
8 октябрь 2022
620

Факультеттер аралык англис тили кафедрасы

 

Кафедранын  максаты:

Адистиги англис тили болбогон студенттер үчүн чет тилин (англис тилин) сапаттуу окутууну камсыздоо;

Кафедранын милдеттери:

  1. Окутуунун, тарбиялоонун формасьн, методдорун жана мазмундарын өркундөтүү;
  2. Кафедра мучөлөрүнун методикалык, илимий ишмердуулук компетенттуулутун кучөтуу;
  3. Жамааттын иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана алардын чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү;

Кафедранын негизги багыттары:

  1. Негизги кесиптик билим берүү программаларын ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруу жолдорун аныктоодо усулдук багытты өнүктурүү;
  2. Кафедра мучөлөрүнүн билимдерин өркүндөтүүнү уюштурууга катышуу;
  3. Окутулуп жаткан предметтердин маани-маңызын студенттерге

жеткиликтуу алып барууда заманбап технологияларды жана алдыңкы

педагогикалык тажрыйбаларды пайдалануу;

  1. Ички жана сырткы байланыштарды кеңейтуу;
  2. Сабактан сырткаркы предметтик жана илимий-ийримдерди уюштуруу.

Кафедранын урааны:

“ To learn a language is to have one more window from which to look at the world”.

 

  1. Окуу процессинде аткарыла турган жумуштар.

1.1. Окуу процессин КРдин Билим берүү мыйзамдарынын талабына ылайык сапаттуу уюштуруу. Бул иштин негизин окуу программаларын кызыктар тараптардын (студенттер, ата-энелер, окутуучулар, жумуш берүүчүлөр) сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгуу тузөт. Практикалык сабактарды өтүүдө акыркы заманбап маалымат технологияларды пайдалануу.

1.2. Окутуунун заманбап усулдарын пайдаланууда окутуучулардын компетенттүүлүгүн күчөтүү.

1.3. Окутуучуларды, окуу куралдарын мамлекеттик тилде, электрондук версиясы менен жогорку жана орто кесиптик билим берүү боюнча студенттерди даярдоо.

1.4. Усулдук иштерди жүргузүүдө компетенттүүлүк мамилени жаратууда чыгармачыл окутуучулардын жумушчу тобун тузүү.

1.5. Окуу методикалык комплекстерди (ОМК) ар бир предмет боюнча англис тилинде (бюлл. № 19 боюнча) түзүп чыгуу.

1.6. Окуу процессин сапаттуу уюштурууда деканат, кураторлор ата-энелер менен тыгыз, үзгүлтүксүз иш алып баруу.

 

  1. Илимий изилдөө иштери:

2.1. Окутуучулардын илимий потенциалын жогорулатуу максатында, магистратура, аспирантура бөлүмдөрүнө тапшыруу (жыйынтыгында магистрдик, кандидаттык иштерди коргоо);

2.2. Кафедраньн илимий багытын аныктоо жана анын жыйынтыгын жыл сайын чыгарып туруу;

2.3. Окутуучулардын илимий изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарт жаратуу;

2.4. Окуу жайдагы жана андан сырткаркы уюштурулган илимий конференцияларга катышуу

2.5. Жылына уюштурулуучу “Окуу усулдук, илимий жана тарбиялык жумалыгына" активдуу катышуу.

2.6. Студенттердин оз алдынча иштеринин сапатын жогорулатуу;

2.7. Окутуучулардын жана студенттердин илимий эмгектерин басмаканадан чыгаруу;

 

  1. Тарбиялык иштер.

3.1. Студенттерге татыктуу билим, тарбия беруу максатында окуу жыл ичинде төмөнкү тематикаларда иш-чараларды өткөрүү:

Ыйман, адеп жана ахлак;

Сылыктык жана толеранттуулук;

Биринчи байлык- ден-соолук;

3-октябрь “Мугалим күнүнө карата”

Ааламдын корку аялзат;

Жаз, Жаштык, Суйүү;

3.2. Шаар, Окуу жай, орто кесип билим берүү тарабынан уюштурулган коомдук-маданий- массалык иштерге активдуүү катышуу;

3.3. Студенттер жана окутуучулар менен биргеликте кайрымдуулук иштерин алып баруу(карылар үйүнө, балдар үйүнө жардам берүү);

 

  1. Кафедраны кадрлар менен камсыздоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

4.1. Кафедрага өзүнүн тармагын мыкты түшүнгөн, окутуучулук жөндөму бар адистерди кабыл алуу;

4.2. Кафедрага жаш чыгармачыл бүтүрүүчүлөрдү жумушка кабыл алып “Насаатчы жана жаш окутуучу” принциптеринин негизинде иш алып барууну

калыптандыруу;

 

  1. Окутуучулардын жана студенттердин жамааттык сезимдерин кальптандыруу:

5.1. Кафедрадагы окутуучулардын студенттердин руханий тарбия алуусуна

шарт түзүү;

5.2. Жамааттардын өз-ара мамилелерин чьңдоосун камсыз кылуу;

5.3. Тараптардын ортосунда “Улууга урмат, кичүүгө ызат” принцибин калыптандыруу;

5.4. Ар кандай ийгиликтер жеке тараптардан эмес. Жамааттык аракеттерден жаралуу кез карашын калыптандыруу;

5.5. Кафедра мучөлөрүнө. ар түрдүү жагдайларды бири-бирине моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүүтө багыттоо.

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro