АСПИРАНТУРА ЖАНА МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » АСПИРАНТУРА ЖАНА МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ
17 ноябрь 2022
692

АСПИРАНТУРА ЖАНА МАГИСТРАТУРА БӨЛҮМҮНҮН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

 

  АСПИРАНТУРА  ЖАНА МАГИСТРАТУРА  БӨЛҮМҮНҮН  ТАРЫХЫ

 

       Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан   А.Ж. Мырсабеков атынындагы Ош гуманитардык педагогикалык институтуна Аспирантура бөлүмүн  ачуу жөнүндө  2017-жылдын  12-май күнү  №582/1  буйругу чыккан.   Илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо максатында жана 1995-жылдын 9-ноябрындагы КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Жогорку аттестациялык комиссиясынын, КРнын Улуттук Илимдер Академиясынын № 8/с/с-3/2 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында илимий жана илимий-педагогикалык  кадрларды  даярдоо жөнүндөгү Жобонун 35-пунктуна ылайык аспирантура бөлүмү ачылган.  Илим жана аспирантура бөлүмүн  соц.и.к., доцент Маткаримов Н.Т. жетектеген. 2017-жылы  декабрь айында педагогикалык багыттагы адистиктер боюнча келишимдик негизде  сырттан  окуу  бөлүмүнө алгачкы аспиранттар  кабыл алынган. 2018-жылы сентябрь айында аталган бөлүмдү т.и.к., доцент Осмонов С.Ж. жетектеген.

       2020-жылы  1-сентябрда  Аспирантура жана магистратура бөлүмү болуп кайрадан  өзгөртүлүп  түзүлгөн.  2020-жылдын 1-октябрынан тартып  аталган  бөлүмдү  т.и.к., доцент Сагынбай к. Нурила жетектеп келүүдө.

         Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   2021-жылдын  29-мартындагы  №335/1   буйругуна ылайык,  КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде, 2021-жылдын 29-мартындагы №7/1 протоколуна ылайык  Кесиптик билим берүү программалары (магистратурага)  педагогикалык 5 багыт боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия  берилген.

      2021-2022-окуу жылында күндүзгү окуу бөлүмүнө 172 магистрант кабыл алынган.

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №327 токтому менен бекитилген  “Кыргыз   Республикасында  илимий педагогикалык жана илимий кадрларды  даярдоо  жөнүндө”  Жобосуна  жана   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин  2021-жылдын 11-октябрь, №1678/1 буйругуна   ылайык   Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде    2021-2022-окуу жылына  аспирантурага   бюджеттик  негизде (өндүрүштөн ажыратпай)  сырттан  окуу бөлүмүнө 15, келишимдик негизде  7  аспирант кабыл алынган.

      Бүгүнкү күндѳ аталган бѳлүмдѳ  жалпы  470 магистрант жана                             22 аспирант окуп,  илимий изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.

 

 

АСПИРАНТУРАНЫН  ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

      Аспирантура - бул илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун негизги формасы болуп эсептелет.

       Аспирантура бѳлүмү  аспиранттардын илимий-изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ  жетекчилик  кылуу менен алардын иштерин  координациялоо максатында уюштуруп, илимий-педагогикалык адистерди даярдоонун сапатын жакшыртуу ишинде ѳзгѳчѳчѳ мааниге ээ.

       Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлигинин 2017-жылдын 12-майындагы №582/1 буйругунун негизинде төмөндөгү адистиктер ачылган:

  • 00.01 – “Органикалык эмес химия”;
  • 00.03 – “Органикалык химия”;
  • 02.14 – “Биологиялык ресурстар”;
  • 02.01 –“Ботаника”;
  • 02.04 – “Зоология”;
  • 01.01 – “Кыргыз адабияты”;
  • 02.01 –“Кыргыз тили”;
  • 00.01–“Жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы”;
  • 00.02–“Окутуу жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы” (билимдин тармактары жана деңгээли боюнча);
  • 00.14–“Социалдык түзүлүш, социалдык институттар жана процесстер”.

 

Аспирантурада тѳмѳндѳгү негизги  милдеттер ишке ашырылат:

  • Аспиранттардын жана изилденүүчүлѳрдүн жалпы ишмердүүлүгүн координациялайт, кѳзѳмѳлгѳ алат;
  • Илимий-изилдѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ илимий-практикалык конференция жана семинар-тренигдерди уюштуруп ѳткѳрүүгѳ шарт түзѳт;
  • Илимий стажировкалар, тажрыйба алмашуу, чыгармачылык эс алуу сыяктуу  илимий  иш-чараларды иштеп чыгат;
  • Илимий-изилдѳѳлѳрү жыйынтыкталган аспиранттардын жана изилденүүчүлѳрдүн документтерин коргоо үчүн атайын диссертациялык Кеңешке даярдайт, сунуш кылат.

Аспирантурада  окуу күндүзгү жана сырттан окуу формаларында жүргүзүлөт.

 

 

МАГИСТРАТУРА

 

        Магистратура бул белгилүү  кесиптик багытта адистешүүнү тереңдетүүгѳ, айрым учурларда аны ѳзгѳртүүгѳ мүмкүндүк берген, бакалаврдан кийинки жогорку кесиптик билим берүүнүн баскычы.

       Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин   2021-жылдын  29-мартындагы  №335/1   буйругунун негизинде жогорку кесиптик билим берүү программалары (магистратура) боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия  берилип, төмөндөгү магистрдик программанын  багыттарын  даярдоого уруксат берилген:

  • 550200 – Физика-математикалык билим берүү;
  • 550400 – Социалдык-экономикалык билим берүү;
  • 550700 – Педагогика;
  • 550300 – Филологиялык билим берүү;
  • 550100 – Табигый илимий билим берүү.

        Даярдоонун  багыты  боюнча  ар түрдүү профилдеги фундаменталдуу, интеграцияланган  адистерди  жана магистрлерди даярдоо үчүн жогорку кесиптик билим берүү программаларын  окутуп үйрѳтѳт.

          Магистратурада  педагогикалык багыттагы  адистерди  кызыкдар болгон тараптар (стейкхолдер)  менен биргеликте  негизги кесиптик билим берүү  программасынын  негизинде,  жогорку окуу жай тарабынан иштелип чыккан окуу программанын  мазмунуна ылайык  даярдалат.

      Магистратура  – бул  бакалавр же адис даражасынан кийинки билим берүү процессиндеги жогорку даража болуп эсептелинет.  

      Магистрлердин  кесиптик  иш  аракеттери тѳмѳнкүлѳр:

  • Уюштуруучулук - башкаруучулук;
  • Маалыматтык - аналитикалык;
  • Илимий - педагогикалык;
  • Илимий - изилдѳѳчүлүк;
  • Долбоорлоо.
  • Инновациялык.

   Магистрдик даража  – аспирантурага ѳтүүгѳ жана ѳз кесиби боюнча иштѳѳгѳ укук бере турган толук жогорку кесиптик билим берүүнүн академиялык даражасы болуп эсептелет.

     Магистрдик  программа боюнча  күндүзгү окуу формасы 2 жыл, ал эми  сырттан окуу үчүн  2,5 жылды түзѳт,  окутуунун  формасы  келишимдик негизде  жүргүзүлөт.

 

 

 

   Жогорку кесиптик билим берүү программаларынын лицензиялары: 

    КРнын ББжИМ 2021-жылдын   29-мартындагы  №335/1   буйругуна ылайык,  Лицензиялоо боюнча Кеңешинин чечиминин негизинде,                           2021-жылдын 29-мартындагы №7/1 протоколуна ылайык  Кесиптик билим берүү программалары боюнча №D2019-0013 кошумча лицензия  алынган.  2022-жылы 19-июлунда  КР ББжИМнин №1454/1 буйругуна ылайык                     2022-жылдын    18-июлундагы №14/5 протоколунун  негизинде кошумча лицензия берилген. 

  Магистрдик  билим берүү программасынын  багыттары (адистиктери) жана магистранттардын жалпы контингенти 

 

Шифр

Багыттын

(адистиктин)

аталышы

Лицензия-нын

номери

Лицензия боюнча студенттердин чектелген саны

 

Магистра-

турада  окуган студент-

тердин саны

 

Күндүзгү

1.

550700

Педагогика (магистр)

№D2019-0013

150

 

        149

2.

550200

Филологиялык билим берүү (магистр)

№D2019-0013

180

 

179

3.

550200

Физика-математикалык билим берүү (магистр)

№D2019-0013

80

 

79

4.

550400

Социалдык-экономикалык билим берүү (магистр)

№D2019-0013

50

29

5.

550100

Табигый илимий билим берүү (магистр)

№D2019-0013

50

34

 

Жалпы:

 

520

470

   

МАГИСТРАТУРАНЫН УКУКТУК-ЧЕНЕМДИК ЖАНА МЕТОДИКАЛЫК БАЗАСЫ

    2021-2022-окуу жылдарында укутук-ченемдик жана окуу методикалык базасы боюнча даярдалган  иштер:

  • ОшМПУнун магистратурасы  жөнүндө жобо иштелип чыкты.
  • Магистратурада аткарыла турган практикалар боюнча жобо даярдалды.
  • ОшМПУнун магистратурасында окуу процессин окутуунун кредиттик технологияларынын (ECTS) негизинде уюштуруу жөнүндө жобосу иштелди.
  • Магистрдик ишти жазуу боюнча жобо жана методикалык көрсөтмө иштелип чыкты.
  • Магистратуранын стратегиялык беш жылдык иш планы даярдалды.
  • Магистрдик программанын багыттары боюнча ар бир магистрантка иш план даярдалып берилди.

  2022-2023-окуу жылдарында укутук-ченемдик жана окуу методикалык базасы боюнча даярдалган  иштер:

  • КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 21-сентябрдагы №1578/1 буйругунун негизинде Жогорку кесиптик билим берүү программалары боюнча  магистрдик программанын багыттарынын  окуу пландарына өзгөртүүлөр киргизилди.
  • 2022-2023-окуу жылы үчүн  магистранттарды кабыл алуу эрежеси иштелип чыкты.
  • Магистратурадагы жалпы илимий жана кесиптик бөлүктөгү ар бир дисциплина боюнча жумушчу программалар, силлабус окуу программасы, ОМК иштелип, AVN порталына кигизилди.
  • Магистратурадагы жалпы илимий жана кесиптик бөлүктөгү ар бир дисциплина боюнча методикалык колдонмолор жана тесттердин варианттары даярдалды.

КЕЛЕЧЕКТЕГИ ИШ ПЛАНДАР:

  • Илимий практикалык конференцияларга магистранттарды катыштыруу;
  • Магистранттар үчүн группалык тренингдерди өтүү;
  • Магистратуранын иш жүргүзүу процессин жана окутуучулардын магистранттарды окутуу ишин баалоо максатында магистранттардан анкета алуу үчүн анкеталык баракчаларды даярдоо;
  • Башка жогорку окуу жайлардын магистратуралары менен байланыш түзүп тажрыйба алмашуу;
  • Кызыкдар тараптар жумуш берүүчүлөр, ата-энелер жана магистранттар  менен тегерек стол уюштуруу;
  • Магистранттар жана аспиранттар үчүн илимий практикалык конференцияларды өткөрүү;
  • Эл аралык стратегиялык кызматташууну магистрдик программанын багыттары боюнча өнүктүрүү;
  • Магистратурада окулуп жаткан багыттар боюнча дистанттык окуу формасын ачуу.

МААЛЫМАТТЫК  ЖАНА УЮШТУРУУЧУЛУК ИШТЕР

  • “Маалыматтык-байланыштык технологиялардын негизинде жалпы жана үзгүлтүксүз билим берүүнү  өнүктүрүүнүн улуттук программасынын Концепциясынын»  негизинде  магистратурада  билим берүү  жана окутуу процессиндеги аткарылган иш чаралар, жаңылыктар, илимий конференциялар    массалык-маалымат каражаттары  аркылуу  үзгүлтүксүз  чагылдырылып  турат. 
  • Магистратурадагы кесипке багыт берүү иштери социалдык тармактар жана телеканалдар аркылуу коомчулукка жеткирилип турат.
  • Магистрдик программанын багыттары боюнча магистранттардын даректери жана окуу маалыматынын базасы түзүлөт;
  • Магистранттардын окуу көрсөткүчтөрү боюнча анализ жүргүзүлөт;
  • Магистранттар менен системалуу түрдө кураторлор жыйналыш өткөрүп турушат.

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИ

Магистранттар өз алдынча ишин аткаруу үчүн китепканадан, интернет борборунан пайдаланышат. Илимий жетекчилери менен магистранттар биргеликте илимий  изилдөөлөрдү жүргүзүп  түрдүү  конференцияларда баяндамалары менен катышып келишет.

     ОшМПУда  жүргүзүлүп жаткан илимий изилдөө иштеринин негизги багыттары:

  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде катталган жана ар кандай булактардан каржыланган, кафедралардын темаларына ылайык кафедраларда жүргүзүлгөн фундаменталдык жана коомдук-гуманитардык изилдөөлөр;
  • илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган илимий долбоорлорду ишке ашыруу;
  • илимий иш-чараларды (конференциялар, семинарлар, тегерек столдор ж.б.) уюштуруу жана өткөрүү;
  • Университеттин аспирантура жана магистратура бөлүмүнүн ишмердүүлүгү;
  • “Бизнес идеяларды ишке ашыруу борбору” аркылуу студенттердин, магистранттардын долбоор менен иштөө, илимий изилдөөгө болгон кызыкчылыгын өнүктүрүү.

Магистратуранын  магистранттарына жана  аспиранттарына                            2021-жылдын   30-октябрь күндөрү Торонто университетинин PhD доктору, Назарбаев университетинин профессору Д.Шаматов “Заманбап илим изилдөө усулдарынын теориясы жана практикасы”, студенттердин педагогикалык, методикалык чеберчилигин өнүктүрүү максатында п.и.д, К.К.Акматов “Билим берүүнүн жаңы парадигмасы жана формациядагы мугалимдин образы” деген темада 2022-жылдын 7-октябрында конок-лекциялар  өткөрүлгөн.

          Магистратура  бөлүмү жана Табият таануу  факультети  тарабынан  2022-жылдын    12-мартта  магистранттар үчүн  “Илимий  (Scopus, Web of Science, РИНЦ) макалаларды жана илимий диссертацияны жазуунун эрежелери жана талаптары”  аттуу илимий-усулдук семинар  уюштурулуп,   илимий макаланы  жана магистрдик иштерди жазуунун   эрежелери жана талаптары боюнча  х.и.к., доцент  Бабеков Анарбай Ураимович  магистранттарга  илимий  баяндама жасаган. Илимий иштин структурасы, теманын актуалдуулугу, илимий иштин максаты, милдеттери, обьектиси, экспериментталдык материалдарды колдонуунун ыкмалары, колдонулган адабияттардын негизинде  шилтеме  берүүнүн эрежелери  боюнча маалыматтарды  айтып, суроо жооп иретинде  талкууланды. Уюштурулган иш чаранын жүрүшүндө катышкан  магистранттарга  сертификаттар берилди.

2022-жылдын апрель айында ОшМПУнун профессору Сапарбек Мадраимовдун 75 жылдыгына карата уюштурулган «Жаны маалыматтык технологиялар мезгилиндеги студенттик илимдин өнүгүшү» деген аталыштагы илимий-конференцияга активдүү катышышты.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro