Профессор ГУЛСАРА ОМУРАЛИЕВА атында каана ачылды » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » Профессор ГУЛСАРА ОМУРАЛИЕВА атында каана ачылды
20 октябрь 2022
439

Профессор ГУЛСАРА ОМУРАЛИЕВА атында каана ачылды

ПРОФЕССОРДУН УРМАТЫНА ЖАҢЫ КААНА АЧЫЛЫП, ЖАРМАНКЕ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Гулсара Омуралиеванын 75 жылдыгына арналган юбилейлик иш чаранын ачылыш аземи болуп өттү.
Ага ылайык Табият таануу жана география факультетинин окутуучулар жана студенттер жамааты тарабынан күзгү жарманке уюштурулуп, спорттук оюндар көрсөтүлдү. Жарманкеге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат катышып, ректор профессорду 75 жашы менен куттуктап, өз белегин тапшырды.
Аны улай окутуучулар Гулсара Омуралиева атындагы жаңы каананын ачылышына күбө болуу менен, анын кызыл тасмасын кесишти. Каана заманбап үлгүдөгү материалдык каражаттар менен жабдылып, ага профессордун эмгектери, окуу-усулдук китептери, сыйлыктары жана өмүр таржымалын камтыган маалыматтык стенттер жайгаштырылган.
Эмгек жамаат профессорду юбилейи менен кызуу куттукташып, каананын жалпы абалына жогорку баа берип, мындан ары да талыкпастан эмгектенип, насаатчы, улук устат катары катарда кызмат өтөп жүрүүсүнө тилектеш экенин билдиришти.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro