ОшМПУда АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ
13 декабрь 2022
149

ОшМПУда АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ

ОшМПУда АКЫЛ ТАЙМАШ БОЛУП ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Билимдүү жаштар” аталышындагы акыл ордо интеллектуалдык таймашы өткөрүлдү.
Иш чара Жаратман чыгармачылык борборунун 11 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулуп, ага окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев, Ош шаардык маданият башкармалыгынын башчысы Элдияр Кадыркулов, Ош шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов жана Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Зикиров катышты.
Сынак чыгармачылык топтор, коомдук бирикмелер ортосунда болуп, жалпысынан 23 команда катышты. Мында логикалык, кругозордук жана фактологиялык суроолор камтылды.Таймаш 4 турдан туруп, аралаш суроолор, логикалык суроолор, сыр сандык категориялары камтылып, финалдык оюн эрудит-квинтет форматында болду.
Жыйынтыгында “ 3-орунду “Перспектив” , 2-орунду “Бийиктик” , 1-орунду “Хрусталь” командалары багындырып, диплом, электр духовкасы, электр жылыткычы жана түстүү телевизор менен сыйланышты. Мындан сырткары “Дилгир жаштар”, “Мыкты чыгармачыл топ”, “Билимдүү жаштар”, “Мыкты капитан” номинациялары тандалып алынып, сыйлыктар жана белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, иш чара Жаратман чыгармачылык борбору жана Ош шаардык маданият башкармалыгы менен биргеликте аталган борбордун 11 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro