Ош МПУда “МЫКТЫ ОКУТУУЧУ” СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» Ош МПУда “МЫКТЫ ОКУТУУЧУ” СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ
25 декабрь 2023
32

Ош МПУда “МЫКТЫ ОКУТУУЧУ” СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ

Ош МПУда “МЫКТЫ ОКУТУУЧУ” СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ

 

Ош МПУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында “Мыкты улук окутуучу”  жана “Мыкты окутуучу” аталышындагы конкурс жүрүп жатат.

Бул сынакка окуу жайдагы бардык доценттер , улук окутуучулар жана окутуучулар катышып, жобого ылайык учурда 2-туру болуп жатат.

Ош мамлекеттик-педагогикалык университетинин билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук окутуучулук курамдын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында өткөрүлүп жаткан конкурс жакында мыкты окутуучуларды аныктайт.

Конкурстун жүрүшүндө  алгач окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүндөгү факультеттердин, колледждердин усулдук комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп, 2-этабы университет боюнча комиссия тарабынан өткөрүлүүдө.

Мында катышуучулардын 2019-2020-окуу жылындагы жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылындагы иштердин жыйынтыгы каралат.

Аталган сынак университеттин “Сапат” бөлүмү тарабынан уюштурулуп , жетекчиликтин колдоосу менен активдүү катышкан жана байгелүү орундарды багынткан катышуучуларга ноутбук, планшет, телефон ж.б.  баалуу белектер уюштурулган.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro