8 апрель 2025
4
ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНДЕ БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРГО АРНАЛГАН ФОРУМ ӨТТҮ
ОшМПУнун КОЛЛЕДЖИНДЕ БОЛОЧОК ПЕДАГОГДОРГО АРНАЛГАН ФОРУМ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжинде “Азыркы аракет – эртеңки келечек” аталышында форум өткөрүлдү.
Иш-чарага окуу жай жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер күбө болушту. Алгач форумду университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, катышуучуларга ийгиликтерди каалап өттү. Ага катар ОшМУнун улук окутуучусу, педагогика илимдеринин кандидаты Каухар Сооронбаева кесиптик билим берүүдө студенттерди туруктуу өнүгүү максаттарына жетиштирүүнүн жолдору боюнча семинар өтүп, катышуучуларга өз ой-пикирлери менен бөлүштү.
Аны улай “Сынак” билим берүү борборунун негиздөөчүсү, аталган форумдун спикери Нурлан Кармышаков студенттерге “Эртеңки мугалимдин келечеги кандай?” темасында пайдалуу маалыматтар менен бөлүшүп, форум жандуу аудиториянын коштоосунда жогорку деңгээлде өттү. Натыйжада студенттер кызыккан суроолорун берип, спикерлер тарабынан тиешелүү жооптор айтылды.
Бул менен бирге информатика жана математика кафедрасынын окутуучулары тарабынан башталгыч математиканы интерактивдүү окутуу боюнча атайын мастер класстар өткөрүлүп, анда колледждин бүрүтүүчү курсунун студенттеринен түзүлөн 3 эксперименттик топ түрдүү тапшырмаларды аткарышты.
Белгилей кетсек саамалык окуу жайдын 100 жылдыгына карата студенттерге жаңы технологиялар аркылуу сабакты эффективдүү өтүүнүн жолдорун үйрөтүү, кесиптик чеберчилигин арттыруу, креативдүү жана инновациялык ыкмаларды колдонууга багыттоо максатында колледждин информатика жана математика кафедрасы тарабынан уюштурулду.
