ҮЙҮ КҮЙГӨН СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕН КАБАР АЛЫНДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ҮЙҮ КҮЙГӨН СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕН КАБАР АЛЫНДЫ
24 октябрь 2022
303

ҮЙҮ КҮЙГӨН СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕН КАБАР АЛЫНДЫ

ҮЙҮ КҮЙГӨН СТУДЕНТТЕРДИН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕН КАБАР АЛЫНДЫ
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Баткенде болгон тополоңдон улам үй-жайсыз калган, социалдык абалы оор үй-бүлөлөргө жана ОшМПУда окуп, үйү күйгөн студенттердин ата-энелерине Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин эмгек жамааты жана студенттери тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Жабыр тарткандарга азда болсо көмөк көрсөтүү үчүн окутуучулар жана студенттер тарабынан ыктыярдуу түрдө чогулган акча каражаты атайын комиссиянын чечими менен студенттердин ата-энелерине 20 миң сомдон ал эми турмуш шарты оор, ден-соолугунан улам дарыланууга муктаж болгон Баткендеги жоготууга учураган айылдардын тургундарына 10 миң сомдон таратылды. Бул менен бирге кийим-кечелер да жеткирилди.
Белгилей кетсек университетте Баткендеги аскердик абал учурунда түзүлгөн Баткенди колдоо Штабынын алдындагы кайрымдуулук фондко эмгек жамааттан жана студенттерден төрт жүз миңге жакын акча каражаты жана кийим-кече, азык-түлүк, тиричилик каражаттары жыйналган. Мында чогулган гуманитардык жардамдар жана акча каражатынын 45% Баткенден эвакуацияланып ОшМПУнун жатаканасына жайгашкан 120 жараныбыздын күнүмдүк тамак аш, кийим-кече ж.б. керектөөлөрүнө жумшалып, андан ашканы аталган үй-бүлөлөргө берилди.
Мындан сырткары окуу жайдын кызматкерлеринин бир күндүк эмгек акысы жамааттын макулдугу менен Баткенди өнүктүрүү фондуна чегерилген.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro