ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА БОСОГО БАЛЛ БЕКИТИЛДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА БОСОГО БАЛЛ БЕКИТИЛДИ
11 июль 2025
158

ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА БОСОГО БАЛЛ БЕКИТИЛДИ

 

2025-2026-окуу жылына жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алууда төмөнкүдөй босого баллдар бекитилди. Бил тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.

 

Гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формалары үчүн - негизги тест боюнча - 110 балл; предметтер боюнча 60 балл.

 

Педагогикалык билим берүү багыттары/адистиктери үчүн: - гранттык (ваучер) квоталарга негизги тест боюнча - 130 балл; - келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 115 балл; Предметтер боюнча – 60 балл.

 

Саламаттык сактоо багыттары/адистиктери үчүн: 2-тиркемедеги - гранттык квоталарга негизги тест боюнча – 120 балл; 2- даярдоо - келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча - 110 балл; - химия боюнча - 60 балл; - биология боюнча - 60 балл; - физика боюнча - 60 балл;

 

Айыл чарба жана айыл чарба илимдери боюнча багыттары/адистиктери үчүн: - гранттык квоталарга, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 100 балл; - химия боюнча - 60 балл; - биология боюнча - 60 балл; - физика боюнча – 60 балл; - математика боюнча - 60 балл;

 

І жана II топтогу майыптарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, тоголок жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлсүз калган балдарды кабыл алуу үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден/багыттардан тышкаркы бардык адистиктерге/багыттарга: - гранттык орундарга негизги тест боюнча - 90 балл; келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 90 балл.

 

Абитуриенттердин эсине!!!

БИРИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК АДИСТИКТЕРГЕ ВАУЧЕР БЕРИЛЕТ

2025-жылы педагогикалык багыттар жана адистиктер боюнча мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун ваучердик механизминин пилоттук апробациясы жүргүзүлүүдө.

Мамлекеттик билим берүү гранттарын каржылоонун ваучердик механизминин өзгөчөлүгү эмнеде? Абитуриенттер окууну каалаган жогорку окуу жайын өздөрү тандашат! Ал мамлекеттик ЖОЖ да, жеке менчик ЖОЖ да болушу мүмкүн!

Көңүл буруңуздар!

Эгерде сиз жеке менчик жогорку окуу жайын тандасаңыз, жеке менчик ЖОЖдогу окуунун баасы ваучердин наркынан жогору болсо, анда айырма төлөмдү грант алуучу (ваучер алуучу) өзү жүргүзөт.

Грант/ваучер алууга конкурс “Ваучер” бөлүмүндө турлар башталганга чейин жүргүзүлөт.

Конкурска Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырганда негизги тесттен 130 жана андан жогору балл алган абитуриенттер катыша алышат.

Грант/ваучер алууга конкурс эки этапта өткөрүлөт. Биринчи этапта абитуриенттер ЖОЖду тандабастан, педагогикалык багыт/адистик боюнча грант/ваучер алууга конкурска катышат. Биринчи этапта конкурс абитуриенттердин социалдык категориясын (шаар, айыл, чакан шаар, тоолуу аймак) эске алуу менен өткөрүлөт. Экинчи этапта биринчи этаптан өткөн жана педагогикалык багыт/адистик боюнча окууга грант/ваучер алган абитуриенттер ЖОЖду тандап, тандаган ЖОЖго кабыл алууга конкурска катышат. Экинчи этапта талдоо упайлардын санына жараша (социалдык категория эске алынбай) жүзөгө ашырылат.

«Ваучер» бөлүмүндө педагогикалык багыттарга/адистиктерге абитуриенттерди кабыл алууну пландап жаткан бардык мамлекеттик жана жеке менчик ЖОЖдор көрсөтүлөт.

Жеңилдиктери бар абитуриенттер (I жана II топтогу майыптар, бала кезинен майыптар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар, жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар) үчүн мамлекеттик ЖОЖдордо өзүнчө квоталар бөлүнөт. Абитуриенттердин бул категориясы ЖРТнын босого баллы жана тастыктоочу документтери бар болгон учурда, ваучерге конкурска катышпай туруп, биринчи турдун алкагында тандалган мамлекеттик ЖОЖго өтүнмө бере алат.

Грант алуучу (ваучердин ээси):

- окууну аяктагандан кийин жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан учурда;

- жүйөсүз себеп же өз каалоосу боюнча билим берүү уюмунан чыгарылган учурда, менчигинин түрүнө карабастан, билим берүү уюмуна, ваучердин наркынын өлчөмүндөгү чыгымдардын ордун толтурууга милдеттүү.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro