ОшМПУда ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОТУРУМ БОЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОТУРУМ БОЛДУ
10 ноябрь 2022
518

ОшМПУда ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОТУРУМ БОЛДУ

ОшМПУда ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ БОЮНЧА ОТУРУМ БОЛДУ

10-11-ноябрь күндөрү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Жарандык коргонуунун абалына комплекстүү баалоо жүргүүзүү боюнча жыйын болуп, коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү.

Иш чара Ош шаарынын Жарандык коргонуу боюнча 2022-жылга карата пландалган иш мерчемине  ылайык КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан  уюштурулду.  Планга ылайык аталган башкармалык тарабынан түзүлгөн  комиссия ОшМПУда эки күндүк иш сапары менен болушуп, анда окуу жайдын  жарандык коргонуусунун тынчтык мезгилдеги пландарынын даярдыгы, жалпы иш мерчемдеринин аткарылышы, коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана ал боюнча эмгек жамааттын даярдыгы тууралуу текшерүү жүргузүштү. Ошондой эле “Айгай” жарыялоо боюнча практикалык окуу болуп, мында жетекчиликтин, факультеттердин декандарынын, административдик чарба кызматкерлеринин өзгөчө кырдаалдардын коркунучунда жана пайда болгон учурдагы ыкчам чогулуусу жузөөгө ашырылды.

Жыйынтыгында окуу жайдын административдик кызматкерлеринин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын адистери, комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда атайын отурум болуп, жарандык коргонуу жаатында адистер тарабынан маалыматтар берилди.

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro