ОКУУ ЖАЙДА ТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА ТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
1 октябрь 2024
36

ОКУУ ЖАЙДА ТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

ОКУУ ЖАЙДА ТОО МАСЕЛЕЛЕРИ ЖАНА КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮҮСҮ БОЮНЧА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ
2024-жылдын 1-октябрынан 12-октябрына чейин Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Тоо маселелери жана климаттын өзгөрүүсү” аталышында 10 күндүк иш чаралар пландалды.
Анын алкагында 1-октябрь күнү колледжде “Климаттын өзгөрүүсүнүн себептери”, “Климаттын өзгөрүүсүнүн тоо экосистемаларына тийгизген таасири” аталышында тегерек стол уюштурулду.
Ага улук инспекторлор Нурсултан Имомали уулу, Уланкадыр Баймамат уулу, илимий иштер боюнча проректор Равшан Абсатаров, дене тарбия жана табигый илимдер кафедрасынын биология жана география предметинин окутуучулары, студенттер катышты.
Тегерек столдо соңку жылдардагы дүйнө жүзүндө болуп жаткан климаттык өзгөрүүлөрдүн себептери, анын өзгөрүүсүнүн тоо экосистемасына тийгизген терс таасири, климаттын өзгөрүүсүнө адаптациялануу, алдын алуу жана чечүү маселелери талкууга коюлду.
Саамалык студенттердин жана коомчулуктун экологиялык сабаттуулугун жана маданияттуулугун жогорулатуу, жаратылышты жана айлана-чөйрөнү коргоого тарбиялоо максатында уюштурулуп, алдыда дагы да тегерек столдор жана лекциялар өткөрүлөт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro