МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ИЛИМИЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ИЛИМИЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ
2 октябрь 2024
29

МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ИЛИМИЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

МАГИСТРАНТТАР ҮЧҮН ИЛИМИЙ СЕМИНАР УЮШТУРУЛДУ

30-сентябрдан 2-октябрга чейин Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде “Магистрдик диссертацияны даярдоо” аталышында 3 күндүк илимий семинар өткөрүлдү.

Ага окуу жайдын жалпы магистранттары катышып, магистрдик диссертацияны даярдоо процессинде илимий-изилдөө иштеринин компетенттүүлүгүн жана көндүмдөрүн иштеп чыгуу боюнча маалымат алышты.

Семинардын алгачкы күнү катышуучуларга х.и.к., профессор Анарбай  Бабеков “Илимий изилдөөлөрдүн негиздери. Илимдин методологиясы жана функциялары. Илимий жаңылык түшүнүгү” аталышында лекция окуду. Аны улай семинар  ф.и.к., доцент Жаннат Джумаеванын “Магистрдик диссертация илимий изилдөөнүн бир түрү. Магистрдик диссертациянын тили жана стили. Илимий тилдин өзгөчөлүктөрү” аталышындагы кызыктуу сабагы менен уланды.

Ал эми 1-октябрь күнү Айсырга  Рысбаева  “Жасалма интелект жана анын илим изилдөөдөгү орду жана ролу” темасында, п.и.к., профессор Сапарбек Мадраимов, т.и.к., доцент Асадулло Куйчиев жана п.и.к., доцент Эркин Касымбековдор  маалымат жана анын илимий изилдөө процессиндеги ролу, маалымат булактарын издөө жана иштетүү, илимий адабий булактар ​​менен иштөө жана илим издөө системалары,  маалымат базалары боюнча кызыктуу лекцияларды өтүп беришти.

Семинардын соңку күнү  т.и.к., доцент Нурила Сагынбай кызы , т.и.к., доцент Самарбек Осмонов жана б.и.к. Равшан Абсатаров тарабынан “Магистрдик диссертациянын түзүмү жана мазмуну”,  “Магистрдик диссертациянын структуралык жана логикалык схемасы”, “Илимий изилдөөнүн темасын, милдеттерин, объектисин жана предметин түзүүгө талаптар”,  “Илимий изилдөөдө плагиатты болтурбоо иш аракеттери” темалары боюнча сабактар өткөрүлдү.

Иш чара магистранттардын илимий ишин окуу процессинин туруктуу жана системалуу элементине айландыруу, аларды илимий коомчулуктун жашоосуна тартуу, илимий-изилдөө ишинин методологиясын, технологиясын жана каражаттарын өздөштүрүүсүнө жардам берүү максатында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаровдун демилгеси уюштурулду.  

 

                                                                                     

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro