МААЛЫМ КАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
7 октябрь 2024
115

МААЛЫМ КАТ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

А. Ж. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

 

МААЛЫМ КАТ

 

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!  

А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2024-жылдын 21-22 ноябрында  Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан II Эл аралык “Манас” педагогикалык изилдөөлөр конгрессине   катышууга чакырат.

 

kongress-oshmpu-zhana-manas-univ.pdf [487,84 Kb] (cкачиваний: 7)  

 

Конгресстин максаты: Түрк дүйнѳсүнүн анын ичинде Кыргызстандын  билим берүү чѳйрѳсүндѳгү илимий  изилдѳѳлѳр, практикалык тажрыйбалар, проблемаларды  ортого коюу, талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгуу.

Илимий конгресске илимий кызматкерлер, жогорку жана атайын орто кесиптик билим берүүчү окуу жайлардын окутуучулары, мектеп мугалимдери, аспиранттар, докторанттар,  магистранттар катыша алат. Конгресске  онлайн форматта да  катышууга болот.

Конгрессте кабыл алынган докладдардын тезистери электрондук вариантта ал эми  толук тексттери ОшМПУ Жарчысынын атайын санында жарыяланат.

Баяндамалар кыргыз, түрк, орус жана англис тилдеринде кабыл алынат.

Уюштуруучулар:

  • Ош мамлекеттик педагогикалык университети, музыкалык-педагогикалык факультети
  • Кыргыз -Түрк “Манас” университети, гуманитардык факультетинин педагогика бөлүмү

 

Конгресстин темалары:

  • Мугалим даярдоо
  • Билим берүү философиясы
  • Социалдык педагогика
  • Этнопедагогика
  • Билим берүү тарыхы
  • Билим берүү программалары жана окутуу
  • Билим берүүнү башкаруу
  • Окутуунун натыйжаларын өлчөө жана баалоо
  • Педагогикалык-психологиялык кеңеш жана көмөк
  • Жогорку билим берүү
  • Компьютер жана билим берүү технологиялары
  • Дистанттык билим берүү
  • Мектепке чейинки билим берүү
  • Башталгыч билим берүү
  • Тилдерге үйрѳтүүнүн теориясы жана методикасы
  • Түрк элдеринин адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы
  • Социалдык –гуманитардык илимдерди окутуунун теориясы жана методикасы
  • Табийгый илимдерди окутуунун теориясы жана методикасы

 

Маанилүү даталар:

  • Макалалардын тезисин жөнөтүүнүн акыркы күнү:       10.11.2024
  • Макалалардын толук текстин жөнөтүүнүн акыркы күнү: 10.11.2024
  • Конгресстин программасынын жарыяланышы:       12.11.2024
  • Конгресс өтө турган күн:       21-22 -ноябрь

 

УЮШТУРУУ ТОБУ

Ардактуу төрагалар:

 

П.и.д. профессор Бекмурза Зулуев Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору

PhD профессор Алпаслан Жейлан             Кыргыз -Түрк “Манас” университетинин ректору

С.и.к. Алмаз Ибраев  Кыргыз -Түрк “Манас” университетинин 1- проректору

 

Уюштуруу комитетинин төрагасы: 

 

П.и.д. профессор Акматали Алимбеков - Кыргыз - Түрк “Манас” университети, педагогика бөлүмүнүн профессору

П.и.к., доцент Инабат Даминова - ОшМПУнун педагогика жана психология кафедрасынын башчысы

 

Уюштуруу комитети:

 

 

Проф. Докт. Алпаслан Ашык

Проф. Докт. Мехмет Ариф Өзербаш

Б.и.к., доцент Равшан Абсатаров

П.и.д. доцент  Рахат Сулайманова

П.и.к., доцент Кундускан Миңбаева      

П.и.к., доцент Эркин Касымбеков 

П.и.к., доцент  Зырапа Абдывасиева

П.и.к., доцент  Манзура Рахматуллаева

П.и.к., доцент Жыпара  Шербаева

П.и.к., доцент Барно Абдуллахамидова

П.и.к. доцент Рита Умарова

П.и.к. доцент Чынара  Акматова

П.и.к. доцент Мислимкан Айдарова

 

Доц. Докт. Эркан Эфилти

Доц. Докт. Явуз Эржан Гүл

Ага окутуучу. Докт. Кадиян Бообекова

 

Редколлегия

 

1. Проф. докт. Калдыбаева Айчүрөк

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети

Кыргызстан

2. Проф. докт. Аида Абдыкеримова                   

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ

Кыргызстан

3. Проф. докт.  Бакыт Калдыбаев                        

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ

Кыргызстан

4. Проф. докт. Бакыт Боркоев

Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Кыргызстан

5. Проф. Докт. Эбру Огуз  

Мимар Синан Көркөм өнөр университети

Түркия

6. Проф. Докт. Хасан Басри Мемдухоглу

Сиирт университети

Түркия

7. Проф. Докт. Хасан Йылмаз

Нежметтин Эрбакан университети

Түркия

8. Проф. Докт. Мехмет Барыш Хорзум    

Сакария университети

Түркия

9. Проф. Докт. Мурат Ташдан

Карс Кафкас университети

Түркия

10. Проф. Докт. Надир Челикөз

Йылдыз техникалык университети

Түркия

11. Проф. Докт. Рүштү Йешил

Сакария университети

Түркия

12. Проф. Докт. Селахаттин Авшароглу

Нежметтин Эрбакан университети

Түркия

13. Проф. докт. Галимзиянова Илхамия

Казань мамлекеттик консерваториясы

Россия

14. Проф. докт. Мусурмонова Ойнисо

Низами Ташкент мамлекеттик  педагогикалык университети

Өзбекстан

15. Проф. докт. Петрова Татьяна

Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети

Россия

16. Проф. докт. Алгожаева Нурсулуу

Аль-Фараби Казак мамлекеттик университети

Казакстан

18. Проф. докт. Эрдал Бай

Газиантеп университети

Түркия

19. Проф. Докт. Күршад Йылмаз

Күтахия Думлупынар университети

Түркия

20. Проф. Докт. Иннокентий Готовцев

Чурапчин мамлекеттик институту

Россия

21. Проф. Докт. Рохат Сафарова

Кориниязи Өзбек илим-изилдөө институту

Өзбекстан

22. Проф. Докт. Холбой Ибрагимов

Өзбек мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университети

Өзбекстан

23. Доц. докт. Курсабаев Мухаммедрахим

Абай мамлекеттик педагогикалык университети

Казакстан

24. Доц. Докт. Флора Хабибуллина

Мари мамлекеттик университети

Россия

25. Доц. Докт. Минара Алиева Чынар

Бурса Улудаг университети

Түркия

26. Доц. Докт. Гүлайым Абыласынова                           

К. Тыныстанов атындагы ЫМУ

Кыргызстан

27. Доц. Докт. Гульмира Жутанова 

Ош мамлекеттик университети

Кыргызстан

28. Доц. канд. Бакыт Муратбаев                       

Ош мамлекеттик университети

Кыргызстан

29. Доц. канд. Айдарова Мисилимкан

Баткен мамлекеттик университети

Кыргызстан

30. Ага окут. докт. Икрам Чынар

Кафкас университети

Түркия

31. Ага окутуучу М. О. Маткасымова                

А.Ж.Мырсабеков атындагы ОшМПУ

Кыргызстан

32. Ага окутуучу М.А.Ысакова                        

А.Ж.Мырсабеков атындагы ОшМПУ

Кыргызстан

33. Ага окутуучу  Б.Тогузакова                         

А.Ж.Мырсабеков атындагы ОшМПУ

Кыргызстан

             

Секретариат

Ага окутуучу  Гүлшайыр Мурзаканова

Окутуучу Самара Жалилова

Окутуучу Жумагүл Заилова

Ассистент Арген Жумгалбеков

Катышуу формасы:

Online катышуу: Zoom программасы аркылуу онлайн катышуу менен докладыңызды жасай аласыз. Zoom ID жана сыр сөз конгресс программасы менен бирге жарыяланат (онлайн форматы 2024-жылдын 21-ноябрында өткөрүлөт)

Offline катышуу: Конгресстин оffline форматы 2024-жылдын 22-ноябрында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөрүлөт.

 

Конгресске сунуштала турган  тезистер жана макаланын толук тексти кыргыз, түрк, орус же англис тилдеринин биринде egitimkongre2022@gmail.com, umarovarita@bk.ru  электрондук дарегине жөнөтүүгө болот.

 

Тезистин жөнөтүлүшү

Конгресске сунуштала турган тезистерди кыргыз, түрк, орус же англис тилдеринин биринде  жөнөтүүгө болот. Тезис китеби электрондук форматта даярдалат. Конгресске катышуу акысыз. Конгресске жөнөтүлө турган бардык тезистер төмөндөгү форматта даярдалышы шарт.

 

Жазуу эрежелери

Конгресске жөнөтүлгөн баяндамалардын тезистери эң көп 200 сөздөн туруусу керек. Microsoft Word, Times New Roman, 12, бирдик сап аралыгында, эки тарапка тегизделген. Кагаз бетинин четки талаалары: сол тараптан - 3 см; оң, жогорку, төмөнкү тараптан – 2 см, абзацтык кириш – 1,25 см. Тезистин темасы кагаз бетинин ортосунда баш тамгалар менен жазылат. Автор (-лор)дун аты-жөнү теманын астында 1 сап боштук ташталып, оң тарапка жазылат жана тийиштүү болгон мекеменин аталышы да белгиленет.

 

Толук тексттин жөнөтүлүшү

Баяндамалардын толук тексттери конгресс тарабынан талап кылынган жазуу эрежелерине ылайык даярдалып жөнөтүлүүсү шарт. Эрежеге ылайык даярдалбаган толук тексттер кароого алынбай тургандыгын эскертебиз.

 

Жазуу эрежелери

Толук тексттер  Windows, Microsoft Word, B5 форматында, Times New Roman, 11, бирдик сап аралыгында, эки тарапка тегизделип жазылат.

Кагаз бетинин четки талаалары: сол тараптан - 3 см; оң, жогорку, төмөнкү тараптан – 2 см.

Макалалар эки барак түрүндө жазылып, эң азы 5 беттен кем болбошу керек. (библиографияны кошкондо).

Биринчи бетте:

- макаланын темасы, ортодо (Times New Roman, 12, калың) баш тамгалар менен;

- 3 сап төмөндө, автордун аты-жөнү (Times New Roman, 11, калың);

- 1 сап төмөндө, университет/мекеме, автордун аты-жөнү астында (Times New Roman, 11);

- автордун электрондук дареги;

- 2 сап төмөндө , макаланын тезиси makalа (200 сөз) жана  5 негизги сөз (Times New Roman, 11).  Тезис калың. Ачкыч сөздөр темасы калың, курсив менен, ачкыч сөздөр болсо курсив менен жазылат.

 - 1 сап төмөндө макала тексти (Times New Roman, 11, бирдик сап аралыгында, 1,25 абзацтык кириш).

Цитата келтирүү жана адабияттар тизмеси ГОСТ же  APA (American Psychological Association) 7 стилине ылайык жазылышы керек.

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro