12 ноябрь 2024
22
ОКУУ ЖАЙДА ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
ОКУУ ЖАЙДА ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуу жайда эмгектенип жаткан илимдин докторлору жана кандидаттары үчүн тегерек өткөрүлдү.
Иш чара “Жогорку билим берүүнү “Университет 4.0” моделине трансформациялоодо илимий изилдөө иштерин ОшМПУда ишке ашыруу” аталышында өтүп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук жамаат катышты.
Тегерек стол 10-ноябрь-Тынчтык жана өнүгүү үчүн Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата уюштурулуп, мында алгач илим бөлүмү катышуучуларды майрамы менен куттуктап, окуу жайдын окумуштуулары боюнча маалымат камтылган белектерди тапшырды.
Андан соң университеттин илимий иштер боюнча проректору Равшан Абсатаров окуу жайды “Университет 4.0” моделине трансформациялоодо илимий изилдөө иштерин ишке ашыруу максатында жасалып жаткан иш чаралар боюнча өз докладын окуду. Саамалыктын жүрүшү өз ара суроо-жооптор менен коштолуп , тегерек столдо кызуу талкуулар орун алды.