ОшМПУда ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРУ ИШКЕ АШУУДА
А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Окумуштуулар жана илим изилдөөчүлөрү тарабынан ОШ ШААРЫНЫН ЖАШЫЛ ЗОНАЛАРЫНДАГЫ ДАРАК ЖАНА БАДАЛДАР ФЛОРАСЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫН ИЗИЛДӨӨ аталышындагы илимий изилдөө долбоору аткарылып жатат.
Бул илимий изилдөөнүн негизги максаты: Шаардын жашыл аймактарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын экологиялык абалына баа берүү эсептелет.
Изилдөөнүн милдеттери:
- Ош шаарындагы жашыл зоналардын так эсебин алуу алардын аянттарын тактоо;
- Шаардын түрдүү жашыл аймактарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын түрлөрүн изилдөө, таксациялык маалыматтарын түзүп чыгуу (дарактардын жана бадалдардын жашын жана курамын аныктоо);
- Жашыл зоналардагы дарак жана бадал флорасынын биоэкологиясын изилдөө, шаар шартындагы жашоо абалына жана морфометрикалык параметрлерине баа берүү;
- Жашыл аймактардагы топурактын булганышынын деңгээлин аныктоо.
- Шаардын жашыл аймактарындагы бак-дарактардын жана бадалдардын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды, сунуштарды жана Ош шаарын көрктөндүрүү жана реконструкция жумуштарында пайдаланууга илимий негиздеме иштеп чыгуу.
Илимий изилдөөлөрдүн мазмуну илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү усулдары менен аныкталат. Изилдөөнүн жүрүшүндө дүйнөлүк илимий адабияттар талданып жалпыланды. Дарак жана бадал түрлөрүн аныктоодо экспедициялык жана маршруттук изилдөөлөр жүргүзүлдү. Токой-таксациялык көрсөткүчтөр жалпы кабыл алынган методдор менен долбоордун календардык планына ылайык аныкталууда жана дарактардын, бадалдардын азыркы абалы талднып изилдөө жумуштары жүргүзүлүүдө. Илимий изилдөөлөр токой чарбасынын, токой селекциясынын жана токой таксациясынын жалпы кабыл алынган методдоруна ылайык, бирдиктүү методика боюнча жүргүзүлүп жатат. Топурактын курамындагы оор металдардын үлүшүн аныктоо боюнча лабораториялык анализдер алынды. Талаада изилдөө усулдары колдонулуп, шаардагы сейил бактарда сыноо аянттары орнотулду. Шаар чөйрөсүнүн шарттарында дарак жана бадал өсүмдүктөрүнүн түрлөрүнө фенологиялык байкоолор жүргүзүлүүдө.