Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун ИЛИМПОЗДОРУ ГЕРМАНИЯЛЫК ОКУМУШТУУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮШТҮ
15 сентябрь 2025
1

ОшМПУнун ИЛИМПОЗДОРУ ГЕРМАНИЯЛЫК ОКУМУШТУУЛАР МЕНЕН БИРГЕ ИЗИЛДӨӨ ИШТЕРИН ЖҮРГҮЗҮШТҮ

Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин илимпоздору Германиядан келген окумуштуулар менен бирге КРнын жаңгак токойлоруна изилдөө жүргүзүштү.

 

Мында окуу жайдын илимий иштер боюнча проректору Равшанбек Абсатаров жана биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын окутуучусу, магистр Арстан Мамасадык уулу Германиянын Ганновер шаарындагы “Лейбниц" университетинин профессору Георг Гуттенбергер жана профессор О.Б., Шибистова баштаган 24 адамдан турган докторанттар, магистранттар жана студенттер менен биргеликте Кыргызстандын жаңгак жемиш токойлорунун топурак катмарын изилдөө боюнча тажрыйба алмашып келишти.

 

Профессор Георг Гуттенберг топурактын катмарларын изилдөө боюнча өз тажырыйбасы менен бөлүшүп, ар бир горизонттун морфологиялык белгилерин жана химия-физикалык касиеттерин өлчөө боюнча практикалык сабак өттү.
Өз кезегинде Равшан Абсатаров жана Арстан Мамасадык уулу да жаңгак жемиш токойлордун жаш курактарын тактоо, аларга климаттык факторлордун тийгизген таасирлерин аныктоо боюнча изилдөөлөрдү жеринен көрсөтүп беришти.

 

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар келечекте тыгыз байланышта болуп, биргеликте илимий долбоорлорду жазуу боюнча өз пикирлерин билдиришти.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro