Кафедранын тарыхы
- Кафедранын тарыхы
Ош Жогорку Колледжинин Гуманитардык факультет 28-август 1997-жылдагы (протокол №114 5) чечими менен түзүлгөн. Бул факультетте 1996-жылы 540402 укук таануу адистиги боюнча алгачкы студенттер кабыл алынган. Ал эми 1998-жылдан баштап 540403 тарых адистиги боюнча кадрларды даярдоо жолго коюлган. Ошого байланыштуу жогорку квалификациялуу юрист жана тарых адистерин даярдоонун окуу усулдук талабына ылайык которуу максатында Ош Жогорку Коледжинин ректорунун 2000- жылдын 1-сентябрындагы №115 10 буйругунун негизинде “ Коомдук илимдер ” кафедрасынын курамынан “ Тарых жана Укук ” кафедрасы бөлүнүп чыккан. Алгачкы мезгилдерде кафедраны тарых илимдеринин кандидаты, доцент Адилбаев Ж.А. жетектеген .2001-жылдан тартып кафедраны ага окутуучу Токоев Акыл Азизбекович жетектеп келген.
2004-жылдын 24-февралында Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун №070227 буйругунун негизинде кафедра “Ата Мекен тарыхы кафедасы” деп аталып, 2004- жылдын 30-августунда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун №0702110 буйругунун негизинде кафедра “ Кыргызстан тарыхы кафедрасы ” деп аталды. 2006-жылдын 14-апрелинде Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун №07-02.31 буйругунун негизинде “Жалпы тарых жана коомдук илимдер кафедрасынын” окутуучусу Шарипова Роза Зулуновна 2006-жылдын 17-мартынан “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына кафедра башчы болуп жетектеп келген.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун №07-02. 87 §18 буйругунун негизинде Гуманитардык факультеттинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына т.и.к. Дыйканова Шекер Анарбековна 2006-жылдын 28-августунда кафедра башчысы болуп дайындалган.
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун №07-02. 85. §8 буйругунун негизинде Гуманитардык факультеттинин “Кыргызстан тарыхы” кафедрасына Т.А.Абжалов 2007-жылдын 29-августунда кафедра башчысы болуп дайындалган. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ректорунун № 07-0290 § 1 буйругунун негизинде 29-август 2009-жылы Гуманитардык факультетинин Кыргызстан тарыхы жана Жалпы тарых жана коомдук илимдер кафедрасы биригип «Тарых» кафедрасы болуп түзүлдү. Т. А. Абжалов кафедранын башчысы болуп 2011-жылга чейин эмгектенген. ОшМПУнун ректорунун №07.02.203 §5 буйругунун негизинде ф.и.к., доцент Р.З.Шарипова «Тарых» кафедрасынын башчысы болуп дайындалды. ОшМПУнун ректорунун 2017-жылдын 27-апрелинде №07-01-86 §3 буйругунун негизинде т.и.к.,доцент Зулпуева Р.Ж. кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Азыркы учурда кафедра башчысы т.и.к.,доцент Осмонов С.Ж.. Кафедрада 11 окутуучу 1 лаборант эмгектент.