ОКУТУУЧУЛАР ӨЗ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ МЕНЕН БӨЛҮШТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУТУУЧУЛАР ӨЗ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ МЕНЕН БӨЛҮШТҮ
19 ноябрь 2022
327

ОКУТУУЧУЛАР ӨЗ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ МЕНЕН БӨЛҮШТҮ

ТАТАРСТАНДА ОКУУ КУРСУНАН ӨТКӨН ОКУТУУЧУЛАР ӨЗ ТАЖРЫЙБАЛАРЫ МЕНЕН БӨЛҮШӨТ
16-ноябрь күнү Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Татарстандын Елабуга институтунда квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн окутуучулар окуу жайдын базасында тренинг өтүп беришти.
Саамалык Музыкалык-педагогикалык факультети тарабынан уюштурулуп, ага университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамаат жана окутуучулар катышышты.
Семинарды Зырапа Абдывасиева жетектеп, жалпы 10 окутуучу түрдүү темада окутуучулар менен жаңы маалыматтарды жана методикаларды бөлүшүштү. Мында “Предметтик өнүктүрүүчү чөйрөнү түзүүнүн мааниси”, “РРИ-фонетикалык оюндар, үй бүлөлүк адабий квиздер”, “Башталгыч жана мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүндөгү машыктыруучу көнүгүүлөр” боюнча жана КФУдагы илимий теориялык конференция жөнүндө маалыматтар кенен айтылды.
Белгилей кетсек, ОшМПУнун 18 окутуучусу педагогика жана филология багытында квалификациясын жогорулатуу максатында Казань Федералдык университетинин Елабуга институтуна барышкан. Программага ылайык окутуучулар 15-майдан 30-майга чейин 16 күндүк мөөнөттө өз билимдерин жогорулатуу курстарында окуп, бул менен бирге 25-майда Казанда боло турчу эл аралык илимий конференцияга катышып келишкен.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro