МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨБҮЗ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨБҮЗ
16 февраль 2023
388

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨБҮЗ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИРГЕ ӨНҮКТҮРӨБҮЗ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата семинар болуп өттү.
Иш чара университеттин жана КРнын ИИМдин милициясынын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалы тарабынан кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жүрүп жаткан бир айлыктын алкагында уюштурулду. Ага аталган филиалдын Кайгуул күзөт кызматы багытында окуп жаткан талапкерлер жана милициянын майору Лилия Хафизова катышты.
Семинар "Кыргыз тилинин дүйнө тилдеринде кездешпеген беш керемети" аталышында болуп, аны окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектурали Исамидин уулу өтүп берди. Бир жарым сааттык семинардын жүрүшүндө видеоролик көрсөтүлүп, интеллектуалдык оюн ойнотулуп, электрондук форматта онлайн сынак тапшырылып, эне тил боюнча кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Ошондой эле лотерея ойнотулуп, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.
Жыйынтыгында катышуучулардан жагымдуу чыгармалар аткарылып, уюштуручуларга жылуу пикирлер айтылып, окуу жай менен мындан аркы кызматташуусу чыңалаарын билдиришти.
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro