ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА АКЫЛ ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА АКЫЛ ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ
16 февраль 2023
489

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА АКЫЛ ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА АКЫЛ ТАЙМАШ УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык инттелектуалдык акыл таймаш болуп өттү.
Аталган иш чара Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында окуу жайдын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү борбору тарабынан уюштурулду. Мында 7 факультеттен куралган командалар ат салышып, алар жалаң гана кыргыз тилине басым жасалган сөз тапмай, сүйлөм толуктоо, капитандар таймашы жана тамга категорияларындагы суроолорго жооп беришти.
Акыл таймаш жаш студенттердин эне тилге болгон мамилесин жакшыртуу, ой-өрүшүн кеңейтүү, жана кыргыз тилди өнүктүрүүгө салым кошуу максатында өткөрүлүп, электрондук суроолор кыргыз тилиндеги программанын жардамында түзүлгөнү иш чаранын өзгөчөлүгү болду.
Соңунда калыстар тобу командалардын упайларын санап, жеңүүчүлөрдү аныкташты. Жыйынтыгында 3-орунду Музыкалык-педагогикалык факультети, 2-орунду Табият таануу жана география факультети, ал эми 1-орунду Гуманитардык факультети ээледи.
Эскерте кетсек байгелүү орундарга ээ болгон командалар айлыктын жыйынтыктоочу аземинде сыйланышат.
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro