ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ... » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ...
16 февраль 2023
464

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ...

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН АЙЛЫКТЫ УЛАЙ...
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча бакшы адиси Бектурали Исамидин уулу кезектеги семинарын өттү.
Бул ирет семинарга Ош шаарындагы №4 “Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери катышып, алар “Кыргыз тилинин 5 керемети” деген теманын алкагында маалыматтарга ээ болушту. Атап айтсак, кыргыз тилинде сөздөрдүн орду жана мааниси тууралуу түшүнүктөр берилип, улуттук баалуулуктарды камтыган онлайн тест алынып, аскерлердин акыл-эс, аң-сезимин өстүрүүгө арналган тематикалык суроолор берилди.
Семинарга полктун мүчөлөрү активдүү катышып, берилген тапшырмаларды так аткарууга аракет кылышты. Бул менен ИИМдин кызматкерлери эне тилге кайдыгер карабай, кандай учур болбосун өз тилин урматтап, барктап, унутта калтырбоого даяр экенин айгинелешти.
Аталган иш-чара 21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Ош мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан №4 “Шумкар” атайын багыттагы полкуну менен биргеликте уюштурулду
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro