“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы
10 апрель 2023
456

“Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашы

ОшМПУда “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын облустук туру өттү
10-апрель Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде окуучулар ортосунда “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын Ош облустук туру болуп өттү.
Сынакка облустун райондорунан тандалып келген окуучулар катышып, өздөрүнүн билим деңгээлин командалык тартипте көрсөтүштү. Аталган иш чаранын алкагында жаш манасчылардын сынагы да уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Улуттук "Манас" театрынын жетекчиси Азиз Биймырза уулу белгилегендей аталган сынак "Баластан" телеканалы менен Улуттук "Манас" театрынын демилгеси ошондой эле Билим берүү жана илим жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтеринин материалдык колдоосу менен уюштурулуп келет. Учурда телетаймаштын облустук турлары өтүп жатат. Мындан жеңүүчү болгон окуучулар ушул жылдын Май айында болуучу Республикалык телетаймашта ат салышмакчы.
ЖЫЙЫНТЫК:
Натыйжада окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерден Кара-Суу районундагы М. Тешебаев атындагы орто мектебинин "Мааникер" тобу 1-орунду, Чоң-Алай районундагы “Кара-Кабак” орто мектебинин “Даанышман” тобу 2-орунду, Өзгөн районундагы Т. Асранов атындагы инновациялык орто мектебинин "Сыр-Жебе" тобу 3-орунду ээледи.
Жаш манасчылардын таймашынын жыйынтыгы
Ош облусу:
Кыргыз тилинде конкруска катышкандар
1-орун
Чоң Алай району Ормонова Шайыркүл
2-орун
Чоң Алай району Маматисаева Кулпунай
3-орун
Кара Кулжа району Абдалиев Мирлан
Кара-Кулжа району Алимбеков Оомат
Чет тилинде конкруска катышкандар
1-орун
Кара-Кулжа Раимбаева Сезимай
2-орун
Чоң Алай району Ниматова Адина
3-орун
Араван району Рахимбердиев Хакимбек
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro