ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ-2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ-2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ
8 февраль 2023
426

ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ-2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ

ОшМПУда "ЯПОНИЯДА ОКУУ-2023" ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде "Японияда окуу 2023" аталышында жарманкеси уюштурулуп, студенттер менен жолугушуу болду.
Окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори баштаган делегациясын кабыл алды. Мында эки окуу жайдын буга чейинки кызматташтыгы жана алдыдагы пландары боюнча пикир алышкан соң, чоң жыйындар залына келип, студенттер менен жолугушту.
Иш чарага Кыргыз-Жапон борборунун директору Иван Ацуму, КРдеги Япониянын элчилигинин башкы адиси Нурия Курманалиева, элчиликтин өкүлү Санно Акире, Цукуба университетинин профессору Ито Хиронори жана Ош-Жапон борборунун мүчөлөрү, университеттин окутуучулары, студенттери катышты.
Жапон тилин жана маданиятын Кыргызстандын түштүк аймагында жайылтуу, Японияга окууга, жумушка чакыруу максатында өткөрүлүп жаткан жарманке катышуучуларга аталган өлкөдөгү Цукуба университети сыяктуу бир катар престиждүү, мыкты ЖОЖдор боюнча маалымат берди.
Бул менен бирге окууга тапшыруунун жол-жобосу, академиялык мобилдүлүк, стипендиялар боюнча презентация жасалып, студенттерди кызыктырган бир топ суроолорго тийиштүү адистер жооп беришти.
Эскерте кетсек Япония менен ОшМПУнун кызматташтыгы артып, улам жаңы мүмкүнчүлүктөр жаралып, ага ылайык университеттин бир канча студенттери Японияга барып практика өтөп келишүүдө.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro