ОшМПУ КАЗАН МАМЛЕКЕТТИК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Кыргызча Русский English
Авторизация
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУ КАЗАН МАМЛЕКЕТТИК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ
17 сентябрь 2024
39

ОшМПУ КАЗАН МАМЛЕКЕТТИК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

ОшМПУ КАЗАН МАМЛЕКЕТТИК АГРАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Ош мамлекеттик педагогикалык университети Казан мамлекеттик агрардык университети менен кызматташтык келишимин түздү.

Ага ылайык бүгүн университеттин ректору Бекмурза Зулуев  Россия Федерациясынын Татарстан Республикасына караштуу Казан мамлекеттик агрардык университетинин өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушууга Казан мамлекеттик агрардык университетинин ректору Валиев Айрат Расимович, Казан МАУнун Агробиотехнологиялар жана жерге жайгаштыруу институтунун директору Сергеантов Игорь Михайлович, Казан МАУнун профессору Мусин Харис Гайнутдинович жана Токой чарба жана экология факультетинин профсоюздук бюросунун төрагасы Хуснутдинов Илнур Илдусович катышты.

Бул жолугушууда биргелешкен билим берүү, илимий изилдөө жана маданий иш чараларды түзүүгө, өнүктүрүүгө жана бекемдөө боюнча  өз ара кызыкчылыктын негизинде эки окуу  жайдын ортосунда келишим түзүлүп, кол коюлду. Эми ОшМПУ жана Казан мамлекеттик агрардык университети билим берүү чөйрөсүндө бирге кызматташууга жаңы жол салышты. 

Аталган келишимдин алкагында алдыда билим берүү тармагында студенттердин академиялык мобилдүлүк программасы, окутуучулардын  квалификация жогорулатуу багытында курстарды уюштуруу жана биргелешкен билим берүү программаларын түзүү пландары ишке ашат.

Бул менен бирге илимий багытта биргелешкен изилдөө программаларын иштеп чыгуу, илимий-педагогикалык кызматкерлердин улуттук долбоорлорго катышуусу, эл аралык конференция, симпозиум, форумдарга катышуу, илимий макала, журнал, монографияларды тараптардын басылмаларында биргелешип чыгаруу пландары коюлду. Ошондой эле маданий багытта да  биргелешкен спорттук жана түрдүү маданий иш чараларды өткөрүү маселелери каралат.  

 

шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro