Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » ОшМПУ Өзбекстандын Илим жана технология университети менен кызматташат
11 август 2025
6

ОшМПУ Өзбекстандын Илим жана технология университети менен кызматташат

ОшМПУ Өзбекстандын Илим жана технология университети менен кызматташат
Ош мамлекеттик педагогикалык университети Өзбекстандын Илим жана технология университети менен кызматташуу келишимин түздү.
Эки тараптуу меморандумга окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев жана Өзбекстандын Илим жана технология университетинин эл аралык байланыштар боюнча проректору Муроджон Ахмедов кол коюшту.
Келишим студенттердин мобилдүүлүк программасын ишке ашырууну, окутуучулардын билим деңгээлин жогорулатууну, тажрыйба алмашууну, кош диплом берүү тартибин киргизүүнү, ошондой эле бакалавриат үчүн 2+2, магистратура үчүн 1+1 форматы боюнча билим берүүнү жана биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашырууну камтыйт.
Жолугушууда тараптар билим берүү тармагында ЖОЖдор аралык кызматташууну чыңдоо, өз ара байланыштарды бекемдөө жана жаңы билим берүү программаларын ишке ашыруу багытында пикир алмашышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro