Дене тарбия факультети
Дене тарбия факультети
1993 – жылы контракттык бөлүмдүн базасында «Дене тарбия мугалими» адистигине келишимдик негизде бир тайпа студенттерди кабыл алып, орто кесиптик билимдеги адистерди даярдай баштаган.
1994 – жылы бөлүмдүн базасында мектепке чейинки «Дене тарбия мугалими адистигине» бюджеттик негизде бир тайпа кабыл алынып, студенттердин контингенти көбөйө баштаган.
1995 – жылы биринчи жолу орто кесипттик билимдүү дене тарбия мугалимдери даярдалып чыгарылды.
1997 –1998 – окуу жылында келишимдик негизде 1-жолу «Дене маданияты» адистигине бир тайпа студент кабыл алынып, жылдык жогорку билимдүү дене тарбия мугалимдерин даярдай баштаган. төрт жылдык мөөнөттө
1999 – 2000 - окуу жылдары 9-класстын көлөмү менен «Дене маданияты» адистигине бюджеттик негизде 1-жолу бир тайпа студент кабыл алынып, 5 жылдык мөөнөттө жогорку билимдүү дене тарбия мугалимдери даярдалып чыгарылды.
2003-жылы 24-декабрда окумуштуулар кеңешинин №2 токтомунун негизинде Дене тарбия бөлүмү түзүлгөн. Бөлүмдө жогорку билимдүү адистерди даярдоо Кыргыз Республикасынын билим берүү илим жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан берилген ал №288 №2 тиркеме мамлекеттик лицензиясынын негизинде жүргүзүлөт.
1993 – жылдан 2013 – жылга чейин 300 дөн ашык орто кесиптик адистерди 500дөн ашык жогорку билимдүү адистерди даярдап чыгарды.
Бул бүтүрүүчүлөрүбүз Республиканын булуң бурчтарында бири мугалим, бири машыктыруучу, бири Кыргыз армиясында кызмат өтөсө, дагы бири ички иштер бөлүмүндө, улуттук коопсуздук органдарында иштеп эмгектенишүүдө.
Бүтүрүүчүлөрдүн ичинде оор атлетика боюнча Республиканын курама командасынын катарында жүрүшкөн спорттун чеберлери: Шумкар Осмонов, Мубарак Мамадалиев.
Волейбол боюнча Республикалык II спортакиадасынын чемпиону, Бишкек шаарынын курама командасынын мүчөсү, спорт чебери: Бакыт Атантаев.
Бокс боюнча спорттун чебери: Абдыганы Пусуров, Нурлан Тиленчиев спорттун чеберине талапкер: Бостонбай Манасов.
Кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону Кыргыз спортунун чебери Эркебай Абдыкадыров.
Жеёил атлетика боюнча орто дистанцияга чуркоодо спорт чебери Айбек Акматов.
Шотокан – Карате боюнча Абдижалил уулу Атайбек 2012-жылы
Бүткүл Дүйнөлүк III чемпионаты II орунду, 2013-жылы ушул эле деёгээлдеги
53 мамлекет катышкан IV чемпионатта III орунду ээлеп Кыргызстандын атын чыгарган.
2016 – жылдын 14 – сентябрындагы №1 Окумуштуулар Кеёешинин чечими менен Дене тарбия бөлүмү, Дене тарбия факультети болуп өзгөрүлгөн.
Ошол жылдан тартып, факультетте эки кафедра иш алыр барууда .
- Дене маданиятынын назарияты жана усулдук негиздери кафедрасы.
- Дене тарбия жана кафедрасы.
Дене маданиятынын назарияты жана усулдук негиздери кафедрасынын башчысы Орозматов Мирадилбек Абдрайманович.
Дене тарбия жана кафедрасынын башчысы Кудайкулов Капарбек Пирматович
Факультеттин деканы Капаров А.Ш.
Материалдык техникалык базасы.
Дене тарбия факультети окуу жайдын жатаканасынын
I кабатынан орун алган. 10 окуу каанасы, 1 компьютердик класс, 1 лекциялык зал бар.
Кээбир предметттерден лекциялык, амалияттык, лаборатордук сабактарды атайын окуу кааналарына көчүп окушат.
Спорттук базасы.
- Спорттук залы – 1 (12х24м)
- Гимнастикалык жана күрөш залы – 1 (9х18м)
- Теннис залы – 1 (6х8м)
- Спорттук ядро – 1 (200 м.айлана боюнча чуркоо жолу менен)
- Волейбол аянтчасы – 3
- Баскетбол аянтчасы – 1
- Футбол аянтчасы – 1 (40х60м)
- Теннис аянтчасы – 2
- Ордо аянтчасы – 2
Профессордук – окутуучулук курамы.
Дене тарбия факультети түптөлгөндөн бери жогорку квалификациялуу окутуучулар менен камсыз болгон.
Дене тарбия факультетинде 1 доцент спорттун чебери, 1 спорттун чебери, 1 эл аралык даражадагы калыс 5 спорт чеберлигине талапкер 7 окутуучу 2 лаборант 1 усулчу эмгектенет.