ОшМПУда СПОРТТУН 6 ТҮРҮ БОЮНЧА 1-КУРСТАР АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда СПОРТТУН 6 ТҮРҮ БОЮНЧА 1-КУРСТАР АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ
11 октябрь 2022
371

ОшМПУда СПОРТТУН 6 ТҮРҮ БОЮНЧА 1-КУРСТАР АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

ОшМПУда СПОРТТУН 6 ТҮРҮ БОЮНЧА 1-КУРСТАР АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде факультеттер аралык 1-курстардын ортосунда спорттун 6 түрү боюнча мелдеш старт алды.
Аталган мелдеш 1-курска жаңыдан келген студенттер арасында мыкты спортчуларды тандап, университеттин курама командаларына кошуу, жаштарды сергек жашоого үндөө, достук мамилени чыңдоо жана спорттуу даңазалоо максатында Дене-тарбия факультети жана Жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Мелдеш окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган жетекчилик жамааттын, уюштуруу тобунун жана студенттердин катышуусунда расмий түрдө ачылуу аземи болуп, гимндин коштоосунда мамлекеттик туу көтөрүлдө. Андан соң ректор сөзгө чыгып, жалпы катышуучуларды спорт менен жакындан достошууга, мелдештерге активдүү катышууга үндөп, оюндун журүшүнө ийгилик каалап өттү. Ошондой эле ректор жаштарга кайрылып, спорттун кандай түрү менен болсо да университеттин намысын коргоп, түрдүү мелдештерде ийгилик жараткан студенттерге өзгөчө көңүл бурулаарын баса белгилеп, аларга ар тараптуу колдоо болоорун билдирди.
Жаңыдан студент болуп келген улан кыздардын бүйүрүн кызыткан бул саамалык атайын жобого ылайык спорттун волейбол, стол теннис, фудбол, тогуз коргоол, шахмат жана жеңил атлетика түрлөрү боюнча болмокчу. Алгач волейбол боюнча факультеттерден куралып чыккан кыздар, балдардын мелдеши башталып, кызуу оюн менен коштолууда.
Белгилей кетсек аталган мелдеш 10-октябрдан 18-октябрга чейин уланып, жеңүүчү командалар жана мыкты оюн көрсөткөн студенттер уюштуруу тобунун сыйлыктарына ээ болушат.
 
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro