ОшМПУда БИЛЬЯРД БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда БИЛЬЯРД БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ
27 февраль 2023
285

ОшМПУда БИЛЬЯРД БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ

ОшМПУда БИЛЬЯРД БОЮНЧА ЧЕМПИОНАТ ӨТТҮ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде профессордук-окутуучу агайлар жана кызматкерлер арасында спорттун бильярд түрү боюнча мелдеш өттү.
Мелдеш 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата окуу жайдын жетекчилиги, профсоюз комитети жана Дене-тарбия факультети тарабынан уюштурулду.
Жумуш менен эс алууну айкалыштырып, эмгекке эргүү берүүгө багытталган бул саамалык жамааттын ынтымагын бекемдөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу жана ден-соолукту чыңдоо максатында ишке ашты.
Мелдешке жалпы отуздан ашуун катышуучу катталып, оюнчулар чүчү-кулак кармоо менен жобого ылайын 4 тайпага бөлүнүшүп оюн курушту. Таймаш кызуу уланып, ар бир тайпада мыкты оюн көрсөткөн 2ден оюнчу чейрек финалга жолдомо алышты. Жогорку чыңалуу менен коштолгон чейрек финалда 8 оюнчунун ичинен жеңүүчү болушуп 4 оюнчу жарым финалга чыгышып, көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызыткан мыкты чеберчиликтеги беттешүүнү тартуулашты.
Жыйынтыгында чемпионаттын баш байгесин Колледждин дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучусу Самат Кадыров багындырып, диплом жана он миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми 2-орунду дене-тарбия кафедрасынын окутуучусу Мирлан Кадыров, 3-орунду дене-тарбия кафедрасынын окутуучусу Жакыпжан Мамажанов жана 4-орунду дене-тарбия кафедрасынын окутуучусу Данияр Осмоналиевдер ээлешип, жеңүүчүлөр, мыкты оюнчулар жана ардагер оюнчулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro