ОшМПУнун СТУДЕНТИ АЗИЯ КУБОГУН ЖЕҢИП АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун СТУДЕНТИ АЗИЯ КУБОГУН ЖЕҢИП АЛДЫ
10 май 2023
248

ОшМПУнун СТУДЕНТИ АЗИЯ КУБОГУН ЖЕҢИП АЛДЫ

ОшМПУнун СТУДЕНТИ АЗИЯ КУБОГУН ЖЕҢИП АЛДЫ
26-30-апрель күндөрү Кыргызстандын Жалал-Абад жергесинде Азия кубогуна арналып өткөн Кикбоксинг боюнча эл аралык мелдеште Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин 1-курсунун студенти Үсөн Абдывахапов 57кл салмакта 1-орунду багындырып, диплом жана алтын кур менен сыйланды.
Мелдешке жалпысынан 6 мамлекеттин спортчулары катышып, күч сынашкан.
Үсөн аталган мелдештин жеңүүчүсү катары үстүбүздөгү жылдын 18-21-май күндөрү Стамбул шаарында боло турган “Turkish Open WAKO World Cup” аттуу Эл аралык турнирге жөлдөмө алып, мелдешке кызуу даярдык көрүп жатат.
Белгилей кетсек Кикбоксинг боюнча спорт чеберине талапкер, жаш спортчу Үсөн Абдывахапов учурда аталган окуу жайдын Дене-тарбия факультетинин Дт-22 тайпасында билим алууда. Ал ОшМПУнун окутуучулары Айбек Акматов жана Махамадсадык Эркинбаевдин машыктыруусу астында бир топ жетишкендиктреди багындырып, спорттогу карьерасын ийгиликтүү улантууда.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro