ОшМПУнун АРДАКТУУ ОКУТУУЧУСУ МУРЗАШ ЖУМАБАЕВ 70 ЖАШТА » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУнун АРДАКТУУ ОКУТУУЧУСУ МУРЗАШ ЖУМАБАЕВ 70 ЖАШТА
29 май 2023
195

ОшМПУнун АРДАКТУУ ОКУТУУЧУСУ МУРЗАШ ЖУМАБАЕВ 70 ЖАШТА

ОшМПУнун АРДАКТУУ ОКУТУУЧУСУ МУРЗАШ ЖУМАБАЕВ 70 ЖАШТА
27-май күнү Ош мамлекеттик педагогкиалык университетинин ардактуу окутуучусу, үлгүлүү устаты Мурзаш Жумабаевдин 70 жылдык юбилейи болуп өттү.
Аталган мааракеге юбилярдын үй бүлөсү, бир туугандары, жакын санаалаштары жана окуу жайдагы кесиптештери катышты. Мында Мурзаш Жумабаевдин өмүр таржымалын, эмгек жолун чагылдырган документалдуу тасма көрсөтүлүп, аны улай куттуктоолор, жана каалоо-тилектер сүйлөнүп, ар бир жамаат тарабынан өзгөчө белектер тартууланды.
Катарда ОшМПУнун ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулук курам агайдын университеттеги орду чоң, билим берүүгө кошкон салымы зор жана жамааттын арасындагы кадыр-баркы бийик экенин баса белгилешип, Мурзаш Жумабаевдин 70 жылдык мааракеси менен кызуу куттукташты.
Мааракени улай жагымдуу чыгармалар аткарылып, сый үстүндө жогорку маанайда жыйынтыкталды.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги жана Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин ардактуу окутуучусу Мурзаш Жумабаев 1952-жылы 15-августта Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген. Каарманыбыз 9 бир туугандын улуусу, атасы Жумабай Абдиев Советтик партиялык кызматкер жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болуп, райондогу аткаруу комитетинде жооптуу катчы кызматында эмгектенген. Ал эми апасы Турганбү Аттокурова үй кожойкеси болгон. Ата-энеси балдарын эрте жашынан билим алууга үндөп, алгач эле Мурзаш Жумабаев айылдагы Макаренко мектебине барган. Орто мектепти 1969-жылы аяктаган соң, ошол кездеги Фрунзе шаарындагы Кыргыз мамлекеттик дене маданияты институтуна тапшырган. 1974-жылы институтту ийгиликүү бүтүрүп, Гүлчөдөгү Макаренко мектебинен эмгек жолун баштаган. 10 жылдай орто мектептерде иштеп, өзүнө жеткиликтүү тажрыйба арттырган соң 1984-жылы Ош педагогикалык окуу жайынан эмгек жолун улантып, учурга чейин окутуучу, бөлүм башчы, декандык кызматтарда үзүрлүү эмгектенип келүүдө. Мурзаш Жумабаев жубайы Фатима Шаршеналиева менен 50 жылдан бери бирге түтүн буалтып, алар бирге 1 уул, 1 кызды тарбиялап өстүрүшкөн.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro