ЖАҢЫ СПОРТТУК АЯНТЧАНЫН КЫЗЫЛ ТАСМАСЫ КЕСИЛДИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЖАҢЫ СПОРТТУК АЯНТЧАНЫН КЫЗЫЛ ТАСМАСЫ КЕСИЛДИ
25 сентябрь 2023
210

ЖАҢЫ СПОРТТУК АЯНТЧАНЫН КЫЗЫЛ ТАСМАСЫ КЕСИЛДИ

ЖАҢЫ СПОРТТУК АЯНТЧАНЫН КЫЗЫЛ ТАСМАСЫ КЕСИЛДИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде заманбап үлгүдө жасалган жаңы спорттук аянтчанын ачылышы болуп өттү.
Ачылуу аземге университеттин ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук-окутуучулар курамы, дене-тарбия факультетинин жамааты жана студенттери катышты.
Иш чарада жетекчилер алгач аянтчанын кызыл тасмасын кесип, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Мында ректор окуу жайдагы жаңылануу иштери бир гана сапаттуу билим берүү жана татыктуу кесип ээлерин даярдоо максатында түзүлүп жатканын белгилөө менен жамаатка жана жаш спортчуларга ийгилик каалады. Андан соң студенттерге аянтчада баскетбол жана волейбол ойноого уруксат берилди.
Аталган аянтча спорттун волейбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташып, атайын спорттун түрүнө багытталган акыркы үлгудөгү каражаттар менен жабдылган. Ошондой эле астына адиштешкен жумшак резина төшөлүп, ыңгайлуу отургучтар, түнкү жарыктандыруучу каражаттар орнотулган.
Белгилей кетсек, спорттук аянтча окуу жайдын жатаканасынын алдында жайгашып, жатаканада жашаган студенттер үчүн жана жумуш убактысында Дене-тарбия факультетине колдонууга берилди.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro