ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕМДҮҮ ИШТЕРИ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕМДҮҮ ИШТЕРИ
18 октябрь 2023
151

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕМДҮҮ ИШТЕРИ

ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ДЕМДҮҮ ИШТЕРИ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Дене тарбия факультетинин деканынын кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталып, сыйлоо аземи уюштурулду.
Ага окуу жайдын жетекчилиги менен бирге дене тарбия факультетинин окутуучулары жана студенттери катышты. Сыйлоо аземди алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берип, жеңүүчүлөрдү куттуктап, жаш спортчуларды туура максат коюп, тынымсыз аракетте болууга багыттап өттү.
Иш чаранын биринчи бөлүгүндө мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды. Жыйынтыгында командалык мелдеште 3-орунду дм-23 тайпасы, 2-орунду дм-21 тайпасы ээледи. Ал эми 1-орунду дм-22 тайпасы багындырып, диплом, акчалай сыйлык жана кубок менен сыйланды. Мындан сырткары волейбол, таяк тартыш, чуркоо, кыргыз күрөш, жеңил атлетика , тогуз коргоол, шахмат оюндарында жеңүүчү аталган студенттерге да ардак грамота жана сыйлыктар ыйгарылды.
Андан соң окуу жайдын мамлекеттик тилди өнүктүрүү борборунун башкы адиси Бектур Исамидин уулу “Физикалык дымак жана руханий азык” аталышында 40 мүнөттүк семинар өтүп, жаш спортчуларды шыктандырып, дем – күч берди.
Белгилей кетсек, аталган мелдеш 5 күнгө созулуп, мында дене тарбия факультетинин 1-курстан 4-курска чейинки студенттери катышкан.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro