ОКУУ ЖАЙДА СПИДге КАРШЫ СПОРТТУК ЭСТАФЕТА УЮШТУРУЛДУ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА СПИДге КАРШЫ СПОРТТУК ЭСТАФЕТА УЮШТУРУЛДУ
1 декабрь 2023
68

ОКУУ ЖАЙДА СПИДге КАРШЫ СПОРТТУК ЭСТАФЕТА УЮШТУРУЛДУ

ОКУУ ЖАЙДА СПИДге КАРШЫ СПОРТТУК ЭСТАФЕТА УЮШТУРУЛДУ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө жана адам укуктарынын жалпы кабыл алынгандыгынын 75 жылдыгына карата факультеттер аралык эстафеталык оюну болуп өттү.
Эстафета жаштардын ынтымагын бекемдөө жана достугун чыңдоо максатында өткөрүлүп, мында ар бир факультеттен куралган 7 команда жарыш куруп, өз шамдагайлыгын көрсөтө алышты. Оюнчулар кап менен чуркоо, картошка терүү, тамгалар арасынан чуркап сөз жыйноо, математика чыгаруу менен бирге чуркоо сыяктуу бир топ тапшырмаларды аткарып упай топтошту.
Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар калыстар тобу тарабынан аныкталды. Мында 3-орунду табият таануу жана география факультети, 2-орунду музыкалык-педагогикалык факультети, ал эми 1-орунду дене тарбия факультетинин студенттери багындырды. Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
Эскерте кетсек, аталган иш чара КРнын Президентинин №1 “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жаан дене тарбиясы” жөнүндө жарлыгынын негизинде сергек жашоо образын жайылтуу жана спорттун массалык түлөрүн өнүктүрүү максатында окуу жайдын жетекчилиги жана дене тарбия факультети тарабынан уюштурулду.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro