ОшМПУда “ДЕН СООЛУК – 2024” СПАРТАКИАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда “ДЕН СООЛУК – 2024” СПАРТАКИАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ
11 январь 2024
92

ОшМПУда “ДЕН СООЛУК – 2024” СПАРТАКИАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ

ОшМПУда “ДЕН СООЛУК – 2024” СПАРТАКИАДАСЫ СТАРТ АЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде салтка айланган факультеттер аралык профессордук - окутучулар жамаатынын ортосундагы кышкы спартакиада башталды.
Спартакиаданы университеттин окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков ачып берип, жалпы катышуучуларга ийгилик каалоо менен дайыма спорт менен дос болуп, ден соолукту чыңдоо үчүн талбай аракет кылууга чакырып өттү.
Мында алгач командалар чучук-улак тандашып, андан соң оюнга киришишти. Спартакиадада агай - эжекелер ортосунда волейбол, стол теннис, шахмат жана тогуз коргоол оюндары өткөрүлөт.
“Иш чараны уюштуруунун башкы максаты факультеттер ортосундагы ынтымактуулукту бекемдөө, окутуучуларды сергек жашоо образына багыттоо жана спортко болгон кызыгууну арттыруу” – дейт башкы калыс Урмат Каратев.
Мелдеш 11-январдан 17-январга чейин окуу жайдын Дене тарбия факультетинин жетектөөсүндө өткөрүлөт жана мында бардык факультеттин агай-эжекелеринен куралган командалар оюн көрсөтөт.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro