ОшМПУда ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОшМПУда ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
1 февраль 2024
80

ОшМПУда ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

ОшМПУда ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ОКУТУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде дене тарбия факультетинин окутуучулары үчүн “Илим эмнеден башталат?” аталышында семинар болуп өттү.
Иш чаранын коногу педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Кубанычбек Баймуратов болуп, ага дене тарбия факультетинин деканы Абдубахап Капаров баштаган окутуучулар жамааты катышты.
Мында тренер илимий жумушту эмнеден баштоо керек, илим жактоо, илимий жетекчини туура тандоо, тема тандоонун шарттары, алып барылуучу жумушту туура пландоо жана план проспект түзүү боюнча түшүнүк берди.
Ошондой эле илимий макалаларды жазуунун эрежелери, анын түрлөрү, классификациясы жана мүнөздөмөсү, макала жазуудагы катачылыктар, аны жасалгалоо жана адабияттардын тизмеси туурасында кеңири маалыматтар айтылды.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro