СТУДЕНТТЕР РЕГБИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » СТУДЕНТТЕР РЕГБИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
25 март 2024
44

СТУДЕНТТЕР РЕГБИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ

СТУДЕНТТЕР РЕГБИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ АЛЫШТЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин дене тарбия факультетинде спорттун Регби түрү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
Конокто Регби федерациясынын Ош шаарындагы өкүлү, ОшМУнун дене тарбия факультетинин №1 факультеттер аралык дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Шумкарбек Окен уулу болуп, ага дене тарбия факультетинин студенттери катышты.
Иш чара Ош шаарындагы окуу жайлар арасында регбини жайылтуу максатында уюштурулуп, мында катышуучулар регби оюнунун келип чыгуу тарыхы, анын негизги эрежелери, түрлөрү, тарыхтагы орду, эске алуучу жагдайлары жөнүндө кеңири маалымат алышты.
Ошондой эле тренер соңку жылдары регбиге кызыккан жаштардын саны өсүп, акырындык менен курама командалар топтолуп жаткандыгын белгиледи. Андан соң иш чара окуу жайдын спорттук аянтчасында уланып, мында тренер оюнду студентерге практика жүзүндө көрсөтүп берип, катышуучулар кызыктуу оюн курушту.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro