ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫ СТАРТ АЛДЫ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫ СТАРТ АЛДЫ
26 март 2024
44

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫ СТАРТ АЛДЫ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК ЧЕМПИОНАТЫ СТАРТ АЛДЫ
Бүгүн Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 2024-жылдын Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын чемпионаты башталды.
Ага ылайык бүгүн окуу жайда чемпионаттын ачылуу аземи өткөрүлүп, ага өлкөбүздөгү 15 жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана студенттери катышып, уюштуруучулар тарабынан куттуктоолор айтылды.
Иш чара спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш чараларды өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясы тарабынан өткөрүлүп, мында катышуучулар тогуз коргоол, стол теннис, бокс, кыргыз күрөш, шахмат оюндары боюнча кызуу мелдеш курушууда. Аталган чемпионат жалпысынан спорттун 16 түрү боюнча уюштурулуп, анын ичинен 5 түрү Ош шаарында өтүп жатат. Алдыда мелдеш 26-марттан 1-апрелге чейин уланмакчы.
Белгилей кетсек, аталган иш чара КРнын Билим берүү жана илим министрлиги жана КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу дене тарбия жана спорт департаменти менен биргеликте уюштурулуп, мелдештин жыйынтыгында алдыңкы орунга ээ болгон командалар диплом, кубок жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro