ОКУУ ЖАЙДА “КЫРГЫЗЖЫЛУУЛУКЭНЕРГО”МИнин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРТОСУНДА СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ » Ош мамлекеттик педагогикалык университет
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин официалдуу сайты
» » » ОКУУ ЖАЙДА “КЫРГЫЗЖЫЛУУЛУКЭНЕРГО”МИнин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРТОСУНДА СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
12 апрель 2024
40

ОКУУ ЖАЙДА “КЫРГЫЗЖЫЛУУЛУКЭНЕРГО”МИнин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРТОСУНДА СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ

ОКУУ ЖАЙДА “КЫРГЫЗЖЫЛУУЛУКЭНЕРГО”МИнин КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ОРТОСУНДА СПАРТАКИАДА ӨТҮҮДӨ
Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери ортосунда спорттук спартакиада өтүп жатат.
Ага ылайык бүгүн окуу жайда иш чаранын ачылуу аземи уюштурулуп, мында университеттин ректору Бекмурза Зулуев сөз сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Ачылуу аземге “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин башкы директору Болот Жусупбеков баштаган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
Мелдеш жалпысынан спорттун 5 түрү боюнча өтүп, мында Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй сыяктуу өлкөнүн 7 дубанынан келген “Кыргызжылуулукэнерго” МИнин жалпы кызматкерлери кызыктуу оюн курушууда. Ал эми спорттун аркан тартыш, кол күрөш жана волейбол түрлөрү университеттин спорттук аянтчасында өткөрүлүп жатат.
Бүйүр кызыткан мелдеш оюнчуларга шаңдуу атмосфера жаратып, командалардын жогорку деңгээлдеги даярдыгы кесиптештеринин активдүү колдоосуна ээ болууда.  
шаблоны для dle 11.2

Пикир кошуу

ОшМПУнун дареги
Кыргыз Республикасы

723500, Ош обласу, Ош шаары

Исанова к.

Телефондор.: (03222)43567, 43550

Эл.почтасы: edu@oshmpu.kg, osh.ogpi@gmail.com
Интерактивная карта

Copyright © 2018 Сайттагы материалдарды түрдүү максаттарда пайдалануу, анын ичинде электрондук ММКларга жарыялоо сайттын администрациясынын кат түрүгндөгү уруксаты менен гана ишке ашырылат.

Разработка сайта - uDesign.pro